super.kg logo

Жарандык активист үйүнө ИИМдин кызматкерлери келип, андан бүгүн акцияга чыгар-чыкпасын тактап кетишкенин билдирди

 

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров үйүнө ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери келип, андан бүгүн акцияга чыгарын же чыкпасын тактап кетишкенин SUPER.KG'ге тастыктады. Айтымында, ИИМдин өкүлдөрү активисттин өзү менен сүйлөшүп, бүгүн акцияга чыгар-чыкпасын билүү максатында келишкенин түшүндүргөн. Токтонасыров бүгүн эч кандай акцияга чыгуу планында жок экенин белгиледи.

"Владимир Путин аэропортко келген маалда, саат 7:30 чамасында уктап жатсам үйгө ИИМдин 10-башкармалыгынан эки жигит келиптир. Байке, учурашалы деп эле келип калдык, бүгүн акцияга чыгасызбы? Билип коёлу дегенбиз дешти. Таң калдым, булар эмне акцияга чыгып жүргөндөрдөн алдын-ала кабар алып калды беле? Же мен коркунуч туудура турган кылмышкер болбосом. Кайсы маалда чыгам, кандай максатты көздөйм - жеке ишим. Конституциялык укугумдан пайдаланып, өз оюмду эркин айтууга болот да. Баскан-турганымдан өйдө минтип саресеп салып турушканы болбойт го. Мындай жат көрүнүш демократиялык өлкөгө кедергисин тийгизет. Телефон номурумду сурашат, мындай эле тааныш болуп жүрөлү деп жылуу-жумшак коштошуп кала бердим", - деп жазган өз билдирүүсүндө Токтонасыров.

Кечээ, 27-мартта активист Нурлан Карымшаков аялы менен бирге орус элчилигинин алдында Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы митингге чыкканы үчүн милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Алардын үйүндө тинтүү болуп, Жазык кодексинин 313-беренеси (Улут аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголгон. Карымшаковдун колундагы плакаттарда "Путин-оккупант, агрессор" деген жазуулар болгону маалым.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.03.2019. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калп эле жарандык активистмин деп НПОлордун акчасын алып тиричилик кылып журушот.Бир корсон Бири Гейлерди колдойт.бир корсон Ашаны жамандайт эртеси Ашанын уйунон чыгышат чай ичип.Эки жуздуу да эмес 5 жуздуулор тойгозду.Соз ээсин табат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: