"Салам, аскер". Путин Кыргыз аскерлери менен кыргыз тилинде учурашты
Кыргыз мамлекетинин президенти Сооронбай Жээнбеков менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи башталды.
Маалыматка ылайык, иш-чара саат 12:00дө башталмак. Жолугушуу аземи белгиленген убактысынан 23 мүнөт кечигип башталды. Азем эки өлкөнүн гимни менен башталды. Путин Кыргыз аскерлери менен кыргыз тилинде "салам, аскер" деп учурашты.
Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта өтөт. Андан соң эки тараптуу сүйлөшүүлөр кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат. Президенттер басма сөз өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашат.
Өткөн жылдын 3-апрелинде Владимир Путин Түркияга расмий сапар менен барып, Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуу учурунда да түрк аскерлери менен "Merhaba, asker!" деп учурашкан.
Путин аскерлер менен кыргыз тилинде учурашты
"Merhaba, asker!" Путиндин Түркиядагы учурашуусу





