super.kg logo

"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын апасы: "Жаңы кодекс боюнча кызымдын өлүмүнө себепкер болгон айдоочунун жазасы 5 жылга кыскартылды"

 

"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын өлүмүнө себепкер болгон айдоочунун жазасы жаңы кодекс боюнча 5 жылга кыскарды. Мындай чечимди Ысык-Көл облустук соту чыгарган. Бул тууралуу маркумдун апасы Насипа Мамбеталиева SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында жабырлануучу тараптын жактоочусу Ысык-Көл райондук сотунун сентябрь айында чыгарган чечимине макул эместигин билдирип, облустук сотко кайрылган.

"Ушул жылдын февраль айында Ысык-Көл облустук соту бул ишти кайра карады. Анда жаңы кодекс боюнча кызымдын өлүмүнө себепкер болгон айдоочуга берилген 10 жылдын 5 жылы алынды. Ошондой эле райондук сот келтирилген моралдык зыян үчүн 2 миллион сом төлөсүн деген өкүм чыгарган. Азыркы кодекс боюнча моралдык чыгым үчүн 400 миң сом төлөмөй болушту. Ал эми биздин жактоочу Жогорку сотко кайрылат. Бирок биздин үй-бүлө кайра-кайра эле соттошо бергенден чарчадык. Кызымдын өлүмүнөн кийин 4 ай өткөн соң жолдошум да каза болуп калды. Бул биздин үй-бүлө үчүн дагы бир оор жоготуу болду. Учурда кызымдан калган 3 неберем менен жашап жатам. Сания каза болгон соң Бишкектеги сулуулук салонун иштеткенге киши жок жабылган. Учурда Кара-Балтадагы эле салону иштеп жатат. Эми башты көтөрүп, балдар үчүн деп жакшылап иштетейин деп атам. Башка аргам кайсы?" - дейт Мамбеталиева.

2018-жылы 13-сентябрда "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын өлүмү боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде сот отуруму болгон. Анда соттун чечими менен айдоочу 10 жылга жатак абакка кесилип, маркумдун жакындарына 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Эске салсак, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Унаа Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп алган. Окуя болгон жерден 31 жаштагы жүргүнчү жаракат алып Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген. Ал эми маркум Сания Шакированын сөөгү 4-июнь күнү Кара-Балта шаарында жерге берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
28.03.2019. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаны кодекс кандай озу кылмышкерлеге женилдик берип. Наборот кобойтпойбу
28.03.2019. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны кодекс деген эмне. Супер инфо,кененирээк маалымат берип койгулачы. Сураеыч
28.03.2019. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаңы кодекс, жаңы мыйзам деген...
28.03.2019. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
korea,аны тушундум. Бирок кай жерден окуса боло т ошону. Эм и преступниктерди камашпайбы такыр???
28.03.2019. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаңы мыйзам бул жаңы закон...
29.03.2019. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал айдоочуну чыгарып салсада болот, кызың өзү күнөөкөр болчу түндө чоочун эркектер менен көчөдө жүрүп.
29.03.2019. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurbelek.,туура.Коп баскан аяк бок басат болду!Тообаа кылдым!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: