super.kg logo

Путиндин эффекти. Бишкектеги Опера жана балет театрынын жанына бир түндө асфальт төшөлдү

 

Бишкек шаарындагы Опера жана балет театрынын жанына бир түндүн ичинде асфальт төшөлдү. Театр имаратынын эки капталы жана арт жагы толук асфальттанганын көрүүгө болот.

"Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасынын кызматкеринин айтымында, асфальт 28-мартка караган түнү басылган.

"Жумушту кечээ баштаганбыз. Түнү менен иштеп, таңга жуук асфальт төшөлүп бүттү", - деди ишкананын кызматкери.

Ал эми Айбек Садыбакасов аттуу Бишкек шаарынын тургуну мындай ылдамдыкты Орусия президенти Владимир Путиндин келиши менен байланыштырды.

"Өзүм Опера жана балет театрына жакын жерде иштейм. Кечээ кечке жуук жумуштан чыгып бара жатканда асфальт жок эле. Бүгүн эртең менен пайда болуп калыптыр. Бул Владимир Путиндин келишине карата даярдыктын бир бөлүгү окшойт. Орус лидери бат-баттан келип турса жолдорубуз оңдолуп, шаарыбыз көркүнө чыгып калар эле," - дейт шаар тургуну.

Орусия президенти Владимир Путин мамлекеттик сапары менен кыргыз жерине бүгүн, 28-мартта келди. Буга чейин анын келишине байланыштуу шаардын борбордук көчөлөрүнө илинген желектер талкуу жараткан.

Улуттук гвардиянын жоокерлери менен кыргыз тилинде учурашкан Путин алгач тар чөйрөдө кыргыз президенти менен, андан соң кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
28.03.2019. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Путин ош карасуу жолунада отуп койсун жаны асфальт болуп калмап беле
28.03.2019. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
В.В. Путин Ноокат ка да бир келип кетсен жолдор болбой калды
28.03.2019. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Илгеркилер чондун коту тегирмендин ташын айлантат дечуу эле ошол чын болуптурда
30.03.2019. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии биздикилердин да асфальт тошоочу тракторлору бар бекен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: