super.kg logo

Якутия: "Мигранттарды жумушка алууга тыюу салуу Кыргыз жарандарына тиешеси жок"

 

Якутияда (Саха Республикасы) мигранттарды жумушка алууга тыюу салуу Кыргыз жарандарына тиешеси жок. Мындай маалыматты Орусиядагы "Говорит Москва" радиосуна Саха Республикасынын башчысынын аппаратынан кабарлашкан. Анда айтылган маалыматка караганда, мигранттардын иштөөсүнө тыюу салуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келген жарандарга жайылтылбайт.

"Бул Владимир Путиндин Кыргыз өлкөсүнө жасаган мамлекеттик сапарына жана буга чейин болгон кырдаалга байланыштуу эмес. Бул аймак башчысынын жылда кабыл алган буйругу. Мындай буйрук 2018-жылы да кабыл алынган. Бул жылы ага бир гана илимий ишмердүүлүк боюнча кошулду. Буйрук патент менен иштегендерге гана жайылтылат. Тактап айтканда, анын жогорку квалификациялуу адистерге, Кыргыз өлкөсү, Беларусь жана Армениянын (ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн) жарандарына тиешеси жок", - деп айтылат маалыматта.

Якутиянын (Саха Республикасы) башчысы Айсен Николаев 2019-жылы чет элдик жарандарды жумушка кабыл алууга тыюу салган буйрукка кол коюп, ал Якутиянын расмий сайтына жарыяланган. Анда мигранттарга 33 тармакта иштөөсүнө тыюу салына турганы көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, мигранттар айыл чарба, соода, курулуш тармактарына жана коомдук тамактануу жайларына жумушка алынбайт. Ошондой эле мигранттар коомдук транспорт жана такси унаалары менен киши ташый алышпайт.

17-март күнү кечинде Якутск шаарынын 200дөй тургуну Борбор Азиядан келген мигранттарга каршы митингге чыгышкан. Буга жергиликтүү тургунду Борбор Азиядан келген 3 адам күч колдонуу менен унаага салып кетип зордуктаганы тууралуу маалымат түрткү болгон.

Якутск шаарынын тергөө кызматы зордуктоо фактысы болгонун тастыктап, шектүү катары кармалгандардын ичинен Ж.К. уулу күнөөсүн моюнуна алганын кабарлаган. Андан кийин шектүү шаардык соттун чечими менен камакка алынган. Ал эми дагы 2 адам кылмыш ишине тиешеси бар же жогу аныкталып жатканы айтылган.

Аталган окуядан кийин Кыргыз өлкөсүнүн Миграция кызматынын өкүлдөрү аталган шаарга барып жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп келишкен. Ушул аптанын башында абал турукташып, Кыргыз жарандары кайрадан жумуш ордуларына кайта башташканы кабарланган.

Учурда расмий маалыматтар боюнча Орусиянын аймагында 640 миңдей Кыргыз жараны бар болсо, анын 10 миңден ашыгы Саха Республикасынын аймагында иштеп жүрүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
28.03.2019. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аа ошентсенер
28.03.2019. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Путин алё малё деп койсо керек да Якутиянын президентине
28.03.2019. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайга шугур
28.03.2019. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Путинден кыска маяк болду деп ойлоп койдум))
28.03.2019. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тияктан буйрук келсе путин бай-кенер да чечпей калат.
28.03.2019. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи Кыргыз Элин сыйлашат.Сыйга сый менен кайтарайлы Урматтуу Кыргыз калкым..Бул жашоо кыска , кыска жашоодо кооп жакшылык кылып калайлы ...
29.03.2019. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Якутиядагы мигранттардын баары эле гражданство алып алган го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: