Азия чемпиондугунда Кыргызстан 12 медаль топтоп, алдыда келе жатат
Монголиянын Улан-Батор шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары дагы 2 алтын, 3 коло медаль утушту. Айымдар арасындагы күрөштө Динара Сулайманова, эркектер арасында Абдулазиз Ашымбеков алтын медалга ээ болушту. Үзүр Жусупбеков, Нурсултан Махмудов жана Канайым Бурхан кызы коло медалды багындыра алышты. Белгилей кетсек, оюндун буга чейинки беттештеринде кыргызстандыктар грек-рим күрөшү боюнча 2 алтын, 5 коло медалды ээлешкен. Чемпиондук 25-июлда башталган жана 28-июлда жыйынтыкталат. Жалпы эсеп менен учурда Кыргызстандын куржунунда 12 медаль бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Кыргызстан азыр 1 - орунда.