ИИМ: "Орусиянын элчилигининин алдына пикетке чыккан жубайлардын үйү тинтүүгө алынып, ири суммадагы акча жана курал-жарак табылды"




Орусиянын элчилигининин алдына пикетке чыккан активист Нурлан Карымшаковдун аялы Гүлназ Имаева экөө жашаган үй тинтүүгө алынып, ири суммадагы акча жана курал-жарак табылды. Маалыматты SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалым болгондой, пикетке чыккан жубайлардын үйү соттун чечиминин негизинде тинтүүгө алынган. Жыйынтыгында үйдүн ичинен 16-калибриндеги мылтык, 1 банка ок-дары, 10 ок жана 17 миң 600 доллар табылган. Табылган буюмдарды кармоого уруксат берген документтери болгон эмес. Андан сырткары жубайлар 2019-жылдын 30-июлуна чейин ачылган визанын негизинде 21-25-март күндөрү Мексикага барып келишкени аныкталган.
Активист Нурлан Карымшаков аялы менен бирге Орусиянын Кыргыз жериндеги элчилигинин алдында Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы митингге чыккан. Андан кийин аларды Бишкектин Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери кармап кетип түн ортосуна чейин суракка алышкан.
Колдорунда "Путин - оккупант, агрессор" деген жазуулар болгон. Жазылган сөздөргө экспертиза жүргүзүлүп, жыйынтыгында "улут аралык кастыкты жаратуучу чакырыктар бар" деген корутунду чыгарылган.
Нурлан Карымшаков жубайы Гүлназ Имаева экөө Жаза кодексинин 98-беренеси боюнча убактылуу камоочу жайга камакка алынды. Эртең баш коргоо чарасы каралат.















1 |