super.kg logo

Ыктыярдуу чек арачы Бакытбек Узенбаев: "Кыргыздын Аксыдагы 93 гектар жери Өзбекстанга өтүп жатат. Дагы бир канча метр артка жылгыла деп жатышат"

 

Аксы районундагы Дейрес айылынын тургуну, ыктыярдуу чек арачы Бакытбек Узенбаев Кыргыз-Өзбек чек арасынын Дейрес-Өрүкзар аймагындагы талаштуу жердин көпчүлүк бөлүгү Өзбекстанга берилип кетүүдө деп тынчсызданууда. SUPER.KG порталы Узенбаев менен байланышып анын үнүн укту.

Анын айткандарына таянсак, СССР учурунда аталган аймактагы 130 гектар жердин 93 гектары Кыргыздыкы деп чечилген. Эми ал жер Өзбекстанга өтүп жатат.

"Биздин өкмөт Аксы районундагы Дейрес-Өрүкзар деген аймагындагы жалпы 130 гектар жердин 76 гектарын кыргыздар, 54 гектарын Өзбекстан тарап пайдаланып жүргөн деп бөлүштүрүшүптүр. Чынында Өзбекстан 93 гектарын пайдаланып келген. Эми ал Өзбекстанга калтырылып жатат. Ошол 93 гектар Кыргыздыкы экени 1978-1979-жылдары аныкталып, бизге өткөн. Биздин айылдын Касымбек Соорбеков аттуу тургуну ошол учурда жерге жайгаштыруу боюнча адис болуп иштеген. Ал ошол аныктоо иштерине катышкандыктан жер кандай чечилгенин далилдеп бере алат. Эми азыр чек араны делимитациялашты. Эртең демаркация болгондо биз басып бара албай калабыз.

Андан сырткары мурун Кыргыз тарапта турган чоң түтүктөр дагы Өзбекстандын балансына өткөн деп жалпы 4 жарым чакырым аралыктагы жерибиз Өзбекстанга өтүп кетип жатат. Айрым жерлер 500 метр, айрым жерлер 20 метр. Ошол эле учурда жол дагы кетип жатат. Буга ким макулдук берди? СССР учурунда курулган обьектилер кайсыл өлкөнүн аймагында болсо ошол жакта калыш керек. Талаш жерди мындай кой, Кыргыздын жерин берип жатышканына тынчсызданып жатам.

Биздин чек арачылар тарабынан чек арага 50 метрге чейин мал жаюуга болбойт деген белги коюлган. Өзбекстан ошол жерге чейин жылып, биз иштетип, чарбачылык кылган жерлерибиз өтүп кетүүдө", - деди Узенбаев.

Узенбаев аталган маселенин негизинде 2018-жылы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, өкмөттүн чек араларды делимитациялоо маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров менен жолугушуп маселени айтып берген.

"Маселе дипломатиялык жол менен чечилиши керек. Биздикилер картаны билбей жатса маселени кантип чечет?" - деп кошумчалады айыл активисти Узенбаев.

Аталган маселе боюнча өкмөттүн чек араларды делимитациялоо маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров менен бир күн мурун байланышканыбызда толук маалымат бере турганын убадалаган. Бирок азырынча жооп кайтара элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
28.03.2019. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ахмактар, жепжутар тойбостор чегарага келгенде колуңардан эч нерсе келбейт, өзүңөрчө өллө мактанасыңар кыйратып иштеп жатам деп.
28.03.2019. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеге биздин бийлик коркот?. Биз учун Ата-Мекенибиздин ар бир ташы алтындан кымбат
29.03.2019. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бир депутаттын созу эсиме келе тушту , Уйубуздон коркуп чыгалбай калган кун келип калбасын деген эле.Ойлонгула урматтулар .Ит да болсо оз короосун коргойт ..
29.03.2019. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Окубайм дейм кайра эле окуп алам даа.Окунучтуу ото окунучтуу.
29.03.2019. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элдин акысын жегендер оңбогула.Ар бир Кырзызстанга келтирген зыяныңар үчүн жооп берип калгыла.
29.03.2019. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кайдагы Бабанов менен башынарды оорутуп отурбай же Бишкекти Манас кылып озгортуш керек деп былчыйып отургандан коро ушул чек араны чечкилечи айланайындар!Чек аран так болбосо зачем башка мелочторго убакыт кетирип?
29.03.2019. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондорго эмне курсактарын тойгузса болду калганы менен башы оорубайт, байагы эле карапайым эл куйот. Эл,жер,мамлекет деген патриот жигиттер же камакта же куугунтукталып чет жерде журушот.Ушундай чондордун барынан жогу! Эл жер деген патриоттор качан ишке келишет болду экен,ошондуктан кудайдан тилейли.
29.03.2019. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул чек ара маселеси чечилбей турган болду го. Тактап бүттүк дешпедиби беле.
29.03.2019. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздикилер алар жака жылыптыр деп ушу убакка чейин бир укпадым.Только бизди кысып эле келе жатканы жаткан.Мал жандыктарын айдап кирип кетип аткан,элибизди атып аткан,адамдарды уурдап аткан ж.б.Ушунча да жоош калк болобузбу?
30.03.2019. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,жоош эмес лох не.
29.03.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ээээ,бул чондор кресло,депутаттар 2020 шайлоону ойлоп журушот азыр.чек араны ойлогон эч ким жок.Узенбаев туура айтат,булар картаны билишбейт,спорлошо алышбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: