Бишкектеги эмерек цехинен чыккан өрт толук өчүрүлүп бүтө элек



Бишкектин Октябрь районундагы Матросов көчөсүндө эмерек жасаган цехтен чыккан өрт өчө элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт саат 20:16да чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Буга чейин, өрт боюнча маалымат ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө 18:55 чамасында келип түшкөнү айтылган. Ал эми өрт болгон жерге 4 өрт өчүргөн унаа жөнөтүлгөнү кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.