super.kg logo

АКШнын Гранд-Каньон улуттук сейил багында Гонконгдон барган турист сүрөткө түшөм деп 300 метр бийиктиктен кулап каза болду

 

АКШнын Гранд-Каньон улуттук сейил багында Гонконгдон барган турист селфиге түшөм деп 300 метр бийиктиктен кулап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

"Окуя кечээ, 28- мартта улуттук Гранд-Каньон сейил багынын батыш тарабындагы кароо аянтчасында орун алган. Анда Гонконгдон келген 50 жаштагы турист Игл-Пойнт кароо аянтчасына барган, кийин ал жерден сүрөткө түшө калам деп чалынып кеткен. Натыйжада 300 метрлик бийиктиктен кулап, каза болгон. Окуядан кийин Гранд-Каньондун батыш тарабы толугу менен жабылган. Учурда куткаруучулар маркумдун денесин чыгаруу аракеттерин көрүүдө. Полиция кызматкерлери бул сейил бакта бир апта аралыгында экинчи чет элдик жаран каза болгондугуна байланыштуу иликтөө иштерин баштады. 26-март күнү сейил бактын аймагынан дагы бир чет элдик жарандын жансыз денеси табылган. Ал эмне себептен каза болгонун тиешелүү мекеменин кызматкерлери аныктоодо. Маркумдун аты-жөнү дагы деле тактала элек", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.03.2019. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гонконг
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: