Башкы прокуратура: "Фарид Ниязовго козголгон кылмыш иши сотко чейинки өндүрүшкө алынды"
Башкы прокуратура президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго карата доо арыз жазылганын тастыктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
"Максат Чегирткеев аттуу жаран Фарид Ниязовдун үстүнөн ИИМге арыз менен кайрылган. Арыз 20-мартта кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөө иши Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү", - деди басма сөз кызматынын өкүлү.
Башкы прокуратуранын маалыматында белгиленгендей, Максат Чегирткеев өзүнүн арызында 2010-жылы 6-7-апрель күндөрү каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына социалдык колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Фарид Ниязовду жана аталган комиссиянын башка мүчөлөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнгөн. Буга ал 2017-жылы алар өздөрүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, дарыгерлер Сочи шаарында дарылануусу керек деген аныктама бергенине карабастан мени дарылатуудан баш тарткан деген жүйөөнү келтирген. Арыз ээси даттанып жаткан тарапты Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине анын дарылануусу үчүн которулган 200 миң сомду кайра кайтарып жиберишкенин жазып, мындан улам ден соолугу начарлап кеткенин белгилеген.
Социалдык түйүндөрдө президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат чыкты.
КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева бул боюнча расмий түрдө эч кандай билдирүүлөр келбегенин айткан. "Бирок бизге бир-эки күн мурда өздүк булактардан Апрель окуясынан жабыр тарткан бир адамды Фарид Ниязовдун атына арыз жазганга мажбурлап жатканы боюнча маалымат жеткен. Бул боюнча учурда Фарид Ниязов билдирүү даярдап жатат", - дейт Жолдубаева.

