super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз мушкери Рафаэль Физиев UFC'деги алгачкы беттешин качан жана ким менен өткөрөрү белгилүү болду

 

Рафаэль Физиев20-апрелде Санкт-Петербург шаарында Кыргыз мушкери Рафаэль Физиев 30 жаштагы орусиялык мушкер Магомед Мустафаев менен беттешет. Бул тууралуу Физиев интернеттеги баракчасына жарыялады.

"Бул олуттуу сыноо. Мен ага даярмын", - деп жазды Кыргыз мушкери.

Физиевдин атаандашы Магомед Мустафаев 2016-жылдын ноябрь айында Кевин Лиге утулгандан кийин мелдештерге катышкан эмес.

Магомед МустафаевБелгилүү болгондой, "Атаман" деген каймана атка конгон Рафаэль Физиев - тай боксунун IFMA түрү боюнча Азия жана Кыргыз өлкөсүнүн бир нече жолку жана Аскер урушу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн чемпиону. Ошондой эле 2009-жылы Таиландда өткөн тай боксу боюнча Дүйнө биринчилигинин күмүш медалынын ээси. 2010-жылы Орусияда өткөн континенттер аралык чемпионаттын жеңүүчүсү. "Shepdogg" сайтынын версиясы боюнча, профессионалдык рингде 6 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен.

2018-жылы Физиев эрежесиз уруш боюнча дүйнөдөгү эң беделдүү уюм UFC'нин тандоо туруна катыша турганын билдирип, бирок виза маселесине байланыштуу АКШга бара албай калган. 2019-жылы 9-февралда ал UFC менен келишим түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
29.03.2019. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чыкса Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында чыксын, болбосо көчүп кетсин азербайжанына
29.03.2019. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
interpol,эки олконун тен желегин которуп чыгам деп айтып атпады беле
29.03.2019. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
interpol,Досум бул жерле бунун оз ою эмес, буга акча берип коюшту. Себеби Азерлерден UFC ге чыккан адам жок. Ага куйбой эле кой. Эки олконун достугуна да салым болот. Бул Ильзат ка окшоп кеттип калган жокко. Ильзат интерьвюсунда бир жолу Салам Кыргызстан деген уккан эмесмин. А бул дайыма салам жолдойт. Бир Гана Йигилик.
29.03.2019. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура айтасың. Кыргыз жеринде өнүп өсөт дагы көтөрүлсө эле өз өлкөсүн атын айтып чыга келет
29.03.2019. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыргызстанда торолгонбу
29.03.2019. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мейли, чыкса чыга берсин. Бунун деле жаман ою жок да. Азерлер акча берди себеби, азерлерден UFC ге чыккан адам жок да. Бир гана Ийгилик сага жана утушунду калайм.
29.03.2019. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ак ит кок ит баарыбир ит мен колдобойм бул азерди башка улуттан деле патриоттор бар мисалы Кичин Люкс Землянухин ахлетин исраилов дегендер андан коро озубуздун боецтер чыксын Алимардан Абдыкаров деген бала катуу экен минус жери курош
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: