super.kg logo

Орусияда аскерден качкан жоокердин жансыз денеси кароосуз калган имараттан табылды

 

Орусиянын Тверь облусунун аскер бөлүгүнөн качкан сержанттын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Гарнизондун издөө тобу аскердин жансыз денесин кароосуз калган, киши жашабаган имараттардын биринен табышкан. Анын жанында ок атуучу курал октору менен табылган.

Такталбаган маалыматтар боюнча, жоокер өз жанын кыйган дешүүдө. "112" куткаруу кызматынын Телеграм каналында "Сирена" планы токтотулду, жоокер Денис Белоусов өлүү табылды" деген кыскача маалымат жазылган.

Бүгүн, 29-мартта эртең менен келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн Денис Белоусов Тверь облусунда жайгашкан Ржев шаарындагы аба-космостук күчтөрдүн 6-бригадасынан аскерден качканы тууралуу маалымат тараган. Анда белгилүү болгондой, жоокер аскердик бөлүккө келип терроризмге каршы фотоотчёт жасоо үчүн курал керек экенин айтып, улук лейтенантынан курал сурап кеткен. Лейтенант ага АК-74 маркасындагы курал, 120 огу менен 4 даана ок кутусу жана ок өтпөөчү зоот берген.

"Сүрөткө түшүп бүтүшкөндөн кийин лейтенант алаксып калган. Ал эми жоокер болсо токойду көздөй куралчан чуркап кеткен. Буга чейин жоокер Жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлер менен жаңжалдашып кеткени айтылууда", - деп жазат Интерфакс басылмасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: