Ички иштер министрлиги Фарид Ниязовго козголгон кылмыш иши боюнча билдирүү таратты
Бүгүн, 29-мартта социалдык тармактарда президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго карата кылмыш иши козголду деген маалымат тараган. ИИМдин басма сөз кызматы бул иш боюнча төмөнкүдөй билдирүү таратты.
"20-март күнү ИИМдин Тергөө башкармалыгына М.Чегирткеев аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2010-жылдын 6-7-апрель күндөрү каза болгон жарандардын жакындарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Фарид Ниязовду жана анын мүчөлөрүн жоопко тартууну өтүнгөн. Алар 2017-жылы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, дарыгерлердин берген аныктамаларына карабастан Сочи шаарындагы дарылануусу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине бөлүнгөн 200 миң сом акчаны артка кайтартып алганын билдирген. Мындан улам арыздануучунун ден соолугу кескин начарлап, моралдык жактан кыйналганын билдирген.
20-март күнү арыз кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталып, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Ушул эле күнү Башкы прокуратурада Чегирткеевдин арызы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Бул кылмыш иши ИИМдин Тергөө башкармалыгына жөнөтүлүп, юридикалык баа берүү үчүн сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Фарид Ниязов бул кылмыш ишин саясий буюртма деп баалаган.









1 |