super.kg logo
  Спорт  

Чолпон-Атада улуттук оюндар боюнча мелдеш өттү

 
Кыз куумай оюну. Жигит кызга жетип келип бетинен өпкөнгө аракет кылууда
Улуттук күрөш оюну да уюштурулуп, балбандар күч сынашты
Улуттук күрөш оюну да уюштурулуп, балбандар күч сынашты
Күйөрмандар аз болгон жок
Күрөштө күчү менен тажрыйбасы молдор жеңиишке жетишишти
Кыз куумай оюну кызуусунда. Кыз жигитти кууп жетип камчылаганга үлгүрдү
Жорго салыш көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты
Аламан байге
Бул оюн бука тартыш деп аталат. Аркандын эки учун моюндарына илген балбандар бири-бирин сүйрөп кетүүгө жанталашат
Чабандес жоргонун үстүндө
Ат оюндарынын күйөрмандары
Жеңишти багынткан күлүктүн ээсинин кубанычы чексиз
26-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда улуттук ат оюндары болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди. Мелдештер Ысык-Көл районунун Жылкычылар ассоциациясы тарабынан уюштурулган. Оюндардын салтанаттуу ачылышында бул иш-чара улуттук ат оюндарын жайылтуу жана облустун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү максатында өткөрүлүп жаткандыгы белгиленди. Жалпы байге фонду 500 миң сомду түзгөн. Мелдештердин программасында күлүктөр 6 чакырым аралыкка жарышты. Ошондой эле бардык каалоочулар үчүн күрөш, кыз куумай жана аркан тартыш боюнча мелдештер өткөрүлдү. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: