Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыкканда жумушка чыкпаган күндөрү үчүн мугалимдердин айлыгы кыскартылганы талкууга алынды
Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыкканда жумушка чыкпаган күндөрү үчүн мугалимдердин айлыгы кыскартылганы тууралуу маалымат интернет колдонуучулары арасында талкууга алынды.
Алгач социалдык тармактарга Билим берүү министрлиги Таш-Тумшук мектебинин мугалимдерине "тополоң болгон күндөрү үчүн айлык акы төлөнбөйт" деп 4 күнүн чийип салыптыр деген маалымат чыккан.
Көптөгөн интернет колдонуучулары "чукул кырдаалда ишке чыкпаган мугалимдердин айлыгына кайра акча кошуп берүү керек" деген билдирүүлөрдү жазышкан.
Бул боюнча Билим берүү министрлиги тараган маалыматты төгүндөп, төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.
"Социалдык тармактарга чыккан маалымат чындыкка дал келбейт. Жалпы билим берүүчү уюмдардан мугалимдердин иш убактысын эсепке алуу табелдери борборлоштурулган бухгалтерияга 29-мартта тапшырылды. Министрлик тарабынан март айы үчүн мугалимдердин эмгек акысына бөлүнүүчү акча каражаты толук каржыланды (анын ичинде Баткен районундагы бардык мектептердин мугалимдеринин бир айлык эмгек акысы бар). 1-апрелден тартып мугалимдердин эмгек акысы борборлоштурулган бухгалтерия тарабынан эсептелинип, 3-апрелге чейин мугалимдердин эсебине түшөт", - деп билдиришти министрликтен.








1 |