Бишкек-Ош унаа жолу бүгүн да саат 18:00дөн тарта жабылды
Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой аба-ырайынын кескин өзгөрүп, Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” постунан, Өтмөк ашуусунан бүгүн саат 18:00дөн тартып эртең, 31-март саат 06:00гө чейин, ал эми “Арал” посту 19:00дөн эртең саат 06.00гө чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылат.
"Бул иш-чара Бишкек-Ош унаа жолунда туруксуз аба-ырайынын натыйжасындагы кар көчкү коркунучуна байланыштуу болууда. Андыктан, жолдун убактылуу жабылышына түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз. Бишкек-Ош жолун мезгил-мезгили менен туман каптап, кээ бир участкаларда таш кулоо коркунучу жаралууда. “Сосновка”, “Арал” постторунда ӨКМ тарабынан жылынуучу жана ысык тамак берилүүчү жайлар уюштурулган. Андыктан, аталган себептерден улам сапарга чыкпооңуздарды эскертебиз", - деп билдирет ӨКМнын басма сөз кызматы.
Бишкек-Ош унаа жолу кечээ да жабылып, бүгүн саат 10:00дө ачылган эле. 29-мартта өткөрүү пункттарына унаалар чогулуп калган. Айрымдары артка кайтып кетсе, жолдун ачылышын күтүп тургандар дагы болгон. Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.

