Кундуз Жолдубаева: "Жалал-Абадда КСДПнын жыйынын өткөрүүгө тоскоолдук жаратуу чектен ашып кетти"
Бүгүн, 30-мартта Ош жана Баткен облустарында КСДПнын конференциясы өтүп, 6-апрелде боло турган съездге катышуучу делегаттар шайланды. Бул тууралуу партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева SUPER.KG порталына билдирди.
Ал Жалал-Абад облусунда боло турган жыйынга тоскоолдуктар жаралып жатканын баса белгиледи.
"Жалал-Абадга келгенбиз. Бул жакта партиянын жыйынын өткөрүүгө даярдыктар болуп жаткан. Кечээ биз келгенден баштап эле УКМКнын, ички иштер органдарынын кызматкерлери аңдып жүрүштү.
Бүгүн Оштон келе жатканда эле бизди Сузактан тосуп алышты. Бир жерге чай ичкени кирип отурган элек. Атайын биздин активисттин туугандарын ошол кафеге киргизип коюшуптур. Аларга "Жалал-Абадда митинг өткөрөт" деп туура эмес маалымат беришкен экен, келип эле биздин активистке басым жасап башташты. Биз митинг өткөрбөйбүз, жөн гана партиянын жыйынын өткөрүп делегаттар шайланат.
Мындай бут тосуулар чектен чыгып кетти. Келген адамдар "кеткиле, жоголгула" деп колдорунан тартып, сүйрөп чыкмай болушту. Ошол жерде турган орган кызматкерлери карап турушту. Азыр биз ички иштер бөлүмүнө келип турабыз", - деди Жолдубаева.
Жалал-Абадда КСДПнын жыйынын өткөрүүгө тоскоолдук болгону айтылды

