Кадамжайда алманын баасы 5-10 сом. Тургундар алманы как кылып кесип жатышат (фото)





Кадамжайда алманын баасы 5-10 сом болууда. Быйыл алманын түшүмү жакшы болгону менен ал сатылбай, тургундар алманы как кылып кесип жатышат.
"Былтыр алманын баасы 80-100 сом болгон эле. Алманын түшүмү жакшы болду, бирок азыр баасы 5-10 сомдон болуп жатат. Өзүнүн багынан терилген алмаларды жергиликтүү жашоочулар как кылып кесип жатышат. Алманы алып саткан тургундар дагы бар. Кошуналарыбыз күзүндө 25 сомдон алышкан экен. Ошко алып барып ошол баада сата албаганын айтты. Биринин үйүндө 30 тонна болсо, дагы биринде 15 тонна бар", - дейт Кадамжай районунда жашаган Гүлдаста Эргешова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
2

Алма жакшы момо