super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин четинде кыш куюп жан баккандар

Топуракты алгач ушинтип даярдап, үстүнө суу куюшат. Клеенка менен оролгон ылай топурак бир суткадан кийин кыш жасоого даяр болот экен

Кыш жасоого даяр ылай
Кыш куюуга жалданып иштеген балдар ар бир кыш үчүн 1 сом 30 тыйындан алышат
Кыш куюуга жалданып иштеген балдар ар бир кыш үчүн 1 сом 30 тыйындан алышат
Кыш куюуга жалданып иштеген балдар ар бир кыш үчүн 1 сом 30 тыйындан алышат
Калыпты ичиндеги ылайы менен көтөрүп барууга оор. Ошондуктан минтип бир башына жип байлап алып сүйрөп барышат
Далай имараттын дубалын курай турган курулуш материалы даярдалууда
Далай имараттын дубалын курай турган курулуш материалы даярдалууда
Бул кум да жөн эле төгүлгөн эмес. Ичин кум менен чайкап алса кыштан кирпич оңой ажырайт жана формасын жоготпой түшөт
Ичин кум менен чайкап алса кыштан кирпич оңой ажырайт жана формасын жоготпой түшөт
Ичин кум менен чайкап алса кыштан кирпич оңой ажырайт жана формасын жоготпой түшөт
Жумушчулардын кол ишке көнүп бүткөн
Калыптын жаңысын базардан 400-450 сомго сатып алышат
Кыш жасоодогу негизги куралдын бири - кетмен
Келечек жаңы конушунда ондогон үй-бүлөнүн короосу жайында ушундай көрүнүштө болот
Ысыктан чарчаган жумушчулар "танаписте"
Кыштар күн ысыкта 2-3 күндө эле кургайт
Кыштар күн ысыкта 2-3 күндө эле кургайт
Кыштын бат кургашы үчүн аны оодарыштырып турушат
Атасына жардам берген кичинекей кыз кыш оодарып жатат
Атасына жардам берген кичинекей кыз кыш оодарып жатат
Даяр болгон кыштар. Кардар келсе соодалашып 2,9-3 сомдун тегерегиндеги баага сатып алат
Даяр болгон кыштар. Кардар келсе соодалашып 2,9-3 сомдун тегерегиндеги баага сатып алат
Кардар келсе, даяр жумушчулар кышты унаага жүктөп берүүгө да даяр
Кардар келсе, даяр жумушчулар кышты унаага жүктөп берүүгө да даяр
Ылайдан кыш куюп сатуу Бишкектин Келечек жаңы конушундагы ондогон үй-бүлөнүн жылдагы иши. Жаз келери менен короо-жайын бошотуп кыш куюуга даярдап, күзгө чейин кыш жасашат. Айрымдары атайын жалданма жумушчу жалдап иштетишет. "Бир КамАЗга жүктөлгөн топуракты 1500 сомго сатып алабыз. Андан 1000 кыш жасалат. Кыштын бир даанасын 3 сомдон сатсак 3000 сом болот. Жайында ушинтип иштеп балдарга окуу кийими, кышкыга отун, көмүр даярдоого акча топтойбуз",- дейт сүрөткө түшкүсү келбеген Акылбек аттуу мырза. Бир КамАЗдагы топуракты бир күндө түгөтүп койсо болот экен. Ал эми кыш куюуга жумушчу жалдап иштетсе, ар бир жумушчуга 1,3 - 1,4 сомдон төлөп беришет. "Алгач топуракка суу куюп үстүн клеёнка менен ороп, нанга камыр ачыткандай эле ачытабыз. Минтсек кыш оңой жасалат. Көбүнчө өзүм жасайм, жумушчу иштетпейм. Жумушчулар эптеп эле ылайды түгөтүш үчүн аракет кылышат. Бирок кардар алып жаткан товарынын сапатын карайт да. Ал деле стандартка туура келген, бекем кышты сатып алгысы келет",- дейт Акылбек мырза. Ал эми эртеден кечке муздак ылай кармап иштөөнүн ден соолукка заяндуулугу тууралуу буларды айтты: "Иш оор. Катуу чарчаган күндөрү түнү менен белим ооруп уктай албай чыгам. Бирок, айла жок, үй-бүлөнү багыш керек. Башка иш да жок өлкөдө. Кышкыга отун-сууну камдап коюп Орусияга барып иштеп келсемби деп турам". 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: