super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев менчиктештирилип кеткен 8 бала бакча кайтарылып алынганын билдирди

 
Бүгүн ЖКда өткөн “Ар бир балага жетиштүү жана сапаттуу билим берүү!” аттуу парламенттик угууда КРнын Башкы прокурорунун орун басары Нурлан Жээналиев 1995-жылга чейин менчиктештирилип кеткен 8 бала бакча кайра кайтарылганын билдирди. Анын айтымында, 48 имарат боюнча учурда тергөө иштери жүрүүдө. Мындан сырткары ошол мезгилдеги мыйзамдарга ылайык, айрым бала бакча имараттарын кайтарып алууга мүмкүн болбой жатат. Ал эми жыйынга катышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева менен Бөдөш Мамырова менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайтарып алуу боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы ишке ашпай жатканын, буга саясий эрк жетишпей жатканын айтышты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: