super.kg logo

Шоу-бизнестен саясатка: Украинаны куудул Володимир Зеленский башкарабы? Бул тамаша эмес...

 
31-мартта Украинада президенттик шайлоо өттү. 39 талапкердин арасында чоң саясатта көп жылдар бою жүрүп ысык-суугун көргөн Украинанын учурдагы президенти Петро Порошенко жана экс-премьер Юлия Тимошенко фавориттер катары сыпатталган эле. Бирок буга карабай саясатта алгачкы кадамдарды жасап жаткан 41 жаштагы куудул Володимир Зеленский шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча биринчи орунду ээлөөдө: ал учурдагы ажого салыштырмалуу дээрлик эки эсе көбүрөөк добуш топтоду. Жакынкы 5 жылда Украинаны ким башкарары 21-апрелде экинчи турда чечилмекчи.
Украинадагы популярдуу саясий-юмористтик сериалда Зеленскийдин элдик президенттин ролун ойноп, кийин чындап шайлоого ат салышканы гениалдуу үгүт кампаниясы катары бааланууда. Башында элдин кызматчысы тууралуу сериал жасады, андан соң бул сериал жеңиш алып келди. Ошондуктан президенттик шайлоодо эл кимге добуш бергени кызыктуу. Зеленскийдин өзүнөбү же сериалдагы каармангабы? Ушул жана башка суроолор тууралуу кеп кылмакчыбыз.
БАЛА ЧАГЫ

Болочок артист Володимир Зеленский 1978-жылы 25-январда Украинанын Кривой Рог шаарында туулган. Атасы Александр Зеленский — техникалык илимдердин доктору, профессор, информатика кафедрасынын жетекчиси, Киев улуттук экономикалык университетинде сабак берген. Апасы Римма Зеленская — үй кожойкеси.

Атасы иш боюнча Монголияга жиберилгендиктен, Зеленский 6 жашынан баштап ата-энеси менен бул өлкөдө жашаган. Монголиядагы мектепте 1-4-классты окуп, кийин Кривой Рогго кайтып окуусун уланткан. Мектептеги чыгармачылык кечелер Вовасыз өтчү эмес, мектептин ансамблинде гитара ойноп, бийге барып, окуу жайындагы КВНге катышып, театралдык спектаклдерде ойногон.

Мектепти 1995-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, аттестатында эки эле "4" деген баа болгон, калганынын баары "5". Зеленский дипломат болом деп Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна тапшырууга даярданып жатып бирок жыйынтыгында өзү туулган шаардагы экономиналык институтта окуп, юридикалык билим алган. Бул кесиби боюнча иштеген эмес.

ҮЙ-БҮЛӨСҮ

Володимир Зеленский жубайы Елена Кияшко менен бала чагынан бери тааныш, мектепте параллель класста окушкан. 7 жыл сүйлөшүп жүрүп, жаштар 2003-жылы баш кошушкан. Кийинки жылы Елена кызы Александраны төрөгөн, 2013-жылы түгөйлөр экинчи жолу балалуу болушкан. Уулуна Кирилл деген ат коюшкан. Досторунун жана тааныштарынын айтымында, Володимир үлгүлүү күйөө жана ата. Ал "чыныгы эркектин негизги сапаттарынын бири - балдары, үй-бүлөсү жана жакындары үчүн жоопкерчилик" деп эсептейт.

ТЕЛЕБЕРҮҮДӨН САЯСАТКА

1997-жылы Володимир Зеленский КВНдеги достору менен өзүнүн "95-квартал" деген топту түзгөн. Ал команданын капитаны гана эмес, көпчүлүк номерлердин автору болгон. 2 жылдан кийин КВНдин Жогорку Лигасы команданы чакырган. Ар бир номери жогору бааланып, Зеленскийдин командасынын популярдуулугу өсүп, көптөгөн концерттерди берип, чет өлкөлөргө гастролдорго чыгып баштаган. Зеленский "95-кварталдан" тышкары түрдүү телешоу берүүлөрдө алып баруучу жана катышуучу катары иштеген. Алардын катарында "Жылдыздар менен бий", "Фактор-А", "ВИА-Грага киргим келет", "Куудулду күлдүр", "Кечки Киев".

2000-жылдары Зеленский тасмаларга тартыла баштайт. Эң биринчи актёрлук эмгеги "Аргасыздан Казанова" тасмасында болот, кийин артист "Үч мушкетёр" аттуу жаңы жылдык мюзиклда Д'Артаньяндын ролун аткарат. Жалпысынан 10го жакын тасмада башкы каармандардын ролдорун ойноп, популярдуулугун өстүрөт.

Зеленскийдин катышуусундагы эң көп талкуу жараткан тасма "Элдин кызматчысы" ("Слуга народа") комедиялык сериалы болду. Андагы башкы каарман жөнөкөй мугалим Украинанын президенти болуп, коррупция менен аёосуз күрөшөт, элдин көйгөйлөрүн чечет. Мындан улам ал калың элдин сүймөнчүгүнө айланат, өзүнүн байлыгын гана ойлогон саясатчылардан тажаган украин эли башкы каармандай президенттин келишин эңсеп калышат. Саясий эксперттер бул тасманы гениалдуу үгүт кампаниясы деп баалашууда, анткени башкы ролду ойногон Зеленский бул тасмадан кийин чындап эле президенттик шайлоого талапкерлигин коюуну чечет.

САЯСИЙ КӨЗ КАРАШТАРЫ

41 жаштагы Володимир Зеленскийдин саясий тажрыйбасы жокко эсе. 2013-жылы Зеленский Евромайданды колдоп, анын катышуучуларынын алдында чыгып сүйлөгөн. Украинанын чыгышында согуш аракеттери башталганда, ал украиналык армияны колдоп жүргөн аскерлерге барып концерттерди уюштурган. Армия үчүн "95-кварталдын" катышуучулары менен чогуу 1 миллион гривна (болжол менен 2 жарым миллион сом) топтоп берген. Куудул Донбасс маселесин согушсуз, Москва жана Владимир Путин менен жекеме-жеке сүйлөшүү жолу менен чечүү керек деген пикирде.

Мындан тышкары Зеленский Украинадагы тил саясатын кайра карап чыгууга чакырган. Анын айтымында, өлкөдө жарандар каалаган тилинде сүйлөшүш керек.

Зеленский 2018-жылдын 31-декабрында президенттик шайлоого ат салышарын жарыялаган. Эң биринчи кайрылуусунда ал негизги маселелер (Донбасстагы согуш аракеттерин токтотуу, Европа, НАТО менен мамиле түзүү ж.б.) боюнча пикирин билдирет. Тез арада Зеленский шайлоо жарышынын лидерине айланат. Саясий серепчилер анын популярдуулугун үгүт кампаниясынын өзгөчөлүгү менен түшүндүрүшүүдө. Зеленскийге интернеттеги социалдык тармактар жана онлайн-интернет-шоу жакшы жардам берүүдө. Айрым эксперттер артистти өз алдынча саясатчы катары эмес, олигарх Игорь Коломойскийдин долбоору деп эсептешет. Алардын ою боюнча, Зеленскийдин өзүнүн саясий пикири жок, ал интригалардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
01.04.2019. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берки Тимошенко уч жолу катарынан коюп отподу.Порошенко башкаргандан бери эч озгоруу болгон жок,наоборот артка кетишти.А Зеленскийден жаш президент катары коп нерседен умут кылып шайлап жатышат.Бирок Зеленскийдин бардык шайлоо штабын миллиардер Коломейский каржылап,ошол колдоп жатат.Эми ал президент болуп калса миллиардердин айтканы болуп ошол менен иш кылат да эми...
22.04.2019. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,да ладно
01.04.2019. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балким президент болгондон кийин башкача кадамдарды жасаар? Болушу мумкун.
01.04.2019. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Чуркагандыкы эмес, буйругандыкы"- деген ушул экен да.
Оппоненттери омур бою саясатта журду, Тимошенко болсо саясий куугунтукта турмого чейин отуруп чыкты.
Саясатка аралашпай омур бою куудул болуп журуп эле бирок кун президент болуп ойгонсо...
Бактылуу адам экен)))
Ysakov_Nur түзөттү 2019-04-01 18:02:51
01.04.2019. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менимче,Зеленскийдин артында,Путин турат!
Bekturbek түзөттү 2019-04-01 19:37:06
01.04.2019. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул деген Акыйкат , тамаша эмес !! Биздин чондорго тиешелуу экен!!
01.04.2019. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайрале порошенко шайланат мына айтты дебегиле
02.04.2019. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Altyn2017, Кыргызстан беле, эл укпаган Соке өтүп кеткидей
21.04.2019. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Altyn2017,олуя не болду эми
22.04.2019. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tursunbaev78, хе хе олуя адашканский
01.04.2019. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчи турга кетти, Порошенко бут акчасын жана кучун жумшап жатат бийликти сакташ учун.
02.04.2019. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Охоо жалан кыргызстандын атактуу политиктери коментарий калтырыптырго))
02.04.2019. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Порошенко жаны шайлоого катышканда татуу жашоо болот деген украина эли. Бул дагы американын тилине кирип майнап чыкан жок.кийинки президенте иш оорурак болот накта коррупция тамырлары жайнап кеткен болуш керек
22.04.2019. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SHEFKUBAT,эн туура!!! Азыркы кочу деле ошондой. Порошенко дагы бизнестен сразу президенттике секирген. Саясатта омуру болгон эмес. Европа болобуз деп Латвия, Литвия, Финляндиянын мурдакы министрлерин алып келип министр кылышты. Боксёрду борбор шаарга мэр кылышты, Одессага Грузиянын мурдакы президентин алып келип губернатор кылды. Бирок бир тыйын натыйжа жок да!!! Гривен курсу болуп корбогондой тушуп кетти. Инфляция жогору, жумуш аз. Миграция мурдакыдан да кучоп кетти
02.04.2019. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Трамп чакырып алып: үкө сен жөн эле кой,ме сага акча өмүр бою жетет, кандидатураңы алып эле кой дейт. Порошенко болот. Трамп аны Путинге каршы пайдаланат.
22.04.2019. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Украиндер акыйкат бар экенине сүйүнүп бир аз болсо да сүйүнүп жашап калышат экен да .Бизде кайдагы акыйкат , эн башкысы таза дем алганыбыз он ..
22.04.2019. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Agayu,койчу ай! Украинага барып хахолдор менен отуруп кордун беле? Эгерде корсон минтип айтмак эмессин
22.04.2019. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Владимир Зеленскийдин аты-жөнүн катасыз жазсаңар? Миллиондуу аудитория окуп жатат.
22.04.2019. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
kadam, саламатсызбы. Аты-жөнү украин тилинде кандай болсо, ошондой берилди. Катасы жок жана туура жазылган.
22.04.2019. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уранга казууга каршы аксия журуп жатат экен Супер ошолордон кабар алып элге жарыя кылалы
22.04.2019. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elb_2121, саламатсызбы. Кабар кечээ жазылган. Бул шилтемеде: https://www.super.kg/kabar/news/269691/
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: