super.kg logo
  Спорт  

Валентина Шевченко 7-апрелде Кыргыз өлкөсүнө келет

 

Жеңил салмактагы UFC`нин чемпиону, Кыргыз жеринде туулган Валентина Шевченко социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу күйөрмандарга кайрылуу жасады.

Кайрылуусунда ал жакында өлкөгө келерин айткан.

"Салам достор, мен үчүн абдан кубанычтуу болгон жаңылык менен бөлүшкүм келип турат. Жакында Бишкектен көрүшөбүз", - деп билдирген Шевченко.

Ал эми Кулатуу эр таймаш федерациясынын маалыматына ылайык, спортчу 7-апрель күнү келет. Шевченкону тосуп алуу жана күйөрмандар менен жолугушуу иш-чараларын аталган федерация уюштурат.

"Спорт ордосунда күйөрмандар менен жолугушуу уюштурулат жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйыны өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Валентина Шевченко 2018-жылдын декабрь айында польшалык Йоанна Енжейчик менен беттешип, жеңил салмактагы чемпиондук курга ээ болгон. Анын кийинки беттеши 9-июнда АКШлык Жессика Айга каршы өтөт.

Мушкер акыркы жолу Кыргыз жерине 2011-жылы келип, Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
01.04.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атабыз тааныбаган даргиндин Хабиб деген баласы келгенде канча мин адам тосуп алды эле.Озубуздуку келсе кандай тосуп алат экенбиз.Сыйлык наам берип конулун которуп которуп коюш керек биздикилер
01.04.2019. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
7-апрель, 2010жылкы «баатырларданбы» бул дагы?
01.04.2019. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Келгиле Кыргызстандыктар Хабибдин оозун ачыралы. Бул кызды тосуп алалы. Келгиле аэропортко... эр азаматтар барбы?
01.04.2019. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
NikkiMartin,сөзүңө 1000% кошулам.Жакшылап тозуп алып сыйлык да берип койсо болот
01.04.2019. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тимати келгенде,бургер корбогондой болуп жанталштыле биздин жаштар. Биздин олкобуздун намысын дуйного тааныткан,патриот кызыбызды тосуп алалбасак уят эле болобуз туугандар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: