super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү: "Ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаевдин кызматтан кеткенин же кетпегенин билбейбиз"

 

Абиш ХалмурзаевАйрым жергиликтүү маалымат булактары жана интернет колдонуучулар өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевдин кызматынан кеткенин жазышты. Анда өкүлдүн кызмат ордунан бошотулгандыгын Кыргыз-Тажик чек арасында болгон жаңжал менен байланыштырышкан.

Бул кептин чын-төгүнүн бышыктоо үчүн SUPER.KG порталы өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикуловага кайрылды. Ал бул маалыматты тастыктай да, төгүндөй да албай турганын билдирди.

"Менде азыр өкүл кызматтан бошотулду деген так маалымат жок. Кызматтан алынды деген буйрук чыкканын уга элекпиз. Бүгүн өкүл жумушка чыкканын же чыкпаганын билбейм, мен аны көрө элекмин", - деди ал.

Ал эми өздүк булактын билдирүүсүнө ылайык, Абиш Халмурзаев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: