super.kg logo

Казак бийлиги чек арадан өтө албай турган кыргыз унаалары тууралуу үн катты

 

Кыргыз-Казак чек арасындагы унаалардын топтолушу жүк ташуучулардын текшерүүдөн өтүүнү каалабаганына байланыштуу. Бул тууралуу Казакстандын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик кирешелер комитетинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, Казакстандын мамлекеттик чек арасында тыюу салынган товарларды ташуу фактыларын аныктоо үчүн мониторинг жүрүп, керектүү учурларда унаалар текшерилип жатат.

"27-марттан тартып кыргыз-казак чек арасындагы "Карасу" көзөмөл өткөрүү пунктунда Түркияда жана Кытайда өндүрүлгөн товарларды ташыган 9 транспорт каражаты текшерилди. Алардын баарынын документтери тиешелүү талапка жооп бербегендиги аныкталды.

Буга байланыштуу 40 транспорт каражаты документтерин оңдоо үчүн кайтып кетти. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн товарларды текшерүүдө эреже бузуулар аныкталган жок.

Бүгүнкү күндө текшерүүдөн өтүүнү каалабаган жүк ташуучулар кыргыз аймагында топтолуп турат", - деп айтылат маалыматта.

30-мартта Мамлекеттик чек ара кызматы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында кезекке турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 160ка жеткенин кабарлаган. Аталган кызматтын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева чек арадан өтө албай калган 30дай унаа артка кайтпай ошол аймакта токтоп турганы үчүн унаалар көп болуп жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.04.2019. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына, Кыргызстандагы коррупциянын азайбаганынын далили. Бирөөлөргө пахта коюп, алдыга жылып өнүгүп кеттик дегендер көргүсү келбейт мындайларды.
02.04.2019. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаны президентин куттуктабай койгон окшойт агынан алып коюп)))
02.04.2019. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми агын койнуна салып барып жанагы Алмаздын 10 г стаканы менен майдалап олтуруп келиш керекда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: