super.kg logo
  Саясат  

Москвадагы кыргыз мигранттары: "Баткен окуясына байланыштуу Адахан Мадумаровду каралоо аракеттери жүрүп жатат"

 

Кыргыз мигранттарынын арасында саясатчы Адахан Мадумаровго каршы жасалма колдорду топтоо жолу менен аны каралоо аракеттери жүрүп жатат. Бул тууралуу Москвадагы мекендештер кайрылуу жасашты.

"Биз, Москвада убактылуу иштеп жүргөн мекендештер Адаxан Мадумаровго болгон каралоого каршы экенибизди билдирип, акыркы "Адаxан Мадумаровду Баткен окуясынан кийин колдобой калдык" деген жасалма колдорду коюп, уюштурулган каралоону четке кагабыз жана Мадумаровду жүз миңдеген сырттагы мекендештер колдой турганын "Мен макул эмесмин" кыймылына топтолгон 300 миңге жакын кол менен далилдеп бере алабыз.

Эгерде ал далил болбосо, интернеттен канчалык көп колдоочулары бар экендигин таап көрсөңүздөр болот. Мындай каралоого ишенбөөгө чакырабыз. Байма-бай Мадумаровдун көтөргөн маселелери туура, калыс кеп гана болуп калбастан андан чыгуу жолдорун президенттин маңдайына барып айтып, "жалпы мыйзамсыздыктарды токтоткула" деп кол чогултуп, аракеттин үстүндө мекендештерге эртеңки келечекке үмүт берип, дем берип жаткандыгы үчүн биз колдойбуз жана да мындан кийин катарыбыз көбөйсө көбөйүп, кемибей турганын айтып кайрылабыз. Катарыбызга келип кошулууңуздарды сунуштайбыз. Адаxан Мадумаровду каралаган кызыкдар тараптардын калп эле уюштурулган каралоосуна ишенбөөгө чакырабыз", - деп айтылат кайрылууда.

13-мартта Баткендеги Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушунан улам Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыккан. Ал ортодо интернетке "Адахан Мадумаров Ак-Сай айылындагы жер тилкесин Тажикстан тарапка 49 жылга берип койгон" деген расмий тастыктамасы жок маалыматтар тарап кеткен. Мадумаров аталган маалыматтарды карандай калп деп атап, өзүнө карата мындай каралоо азыркы бийликтин көрсөтмөсү менен болуп жатканын белгилеген. "Эмнеге чуунун чыкканын дагы билем. Соңку сурамжылоо боюнча Мадумаровдун кадыр-баркы аябай көтөрүлүп, элдин ишеними көбөйүп кетти. Чек арадагы чырга кызыкдар да, буюртма берген да, аны ишке ашырып жаткан да бүгүнкү бийлик", - деген саясатчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: