Депутат өкмөт өкүлдөрүнө таза суу менен камсыз кылуу боюнча жол картасын түзүүнү сунуштады
"Таза суу менен камсыз кылуу боюнча жол картасы алынып келбесе, бул маселени карабай эле коёлу", - деп бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Айтмамат Назаров билдирди.
Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоору менен тааныштырды. "Мен шайлоочулар менен жолугушканда 2024-жылы бардык айылдар таза суу менен камсыз болот деп айта албай койдум. Таза суу менен камсыз кылуу боюнча жол картасын түзбөсөңүз депутаттардан сын уга бересиз. Себеби алардан шайлоочулар талап кылышат. Кийинкиде Кыргыз мамлекетинин кайсы айылы качан таза суу менен камсыз боло турганы жөнүндө маалымат берсеңиз. Жол картасын түзүү керек", - деп Назаров Токтошевге кайрылды.

