super.kg logo
  Саясат  

Рита Карасартова: "Президентти УКМКнын компетенциясын карап чыгып, аны реформалоого чакырам"

 

Укук коргоочу Рита Карасартова президент Сооронбай Жээнбековго интернет аркылуу кайрылып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин реформалоону өтүндү. Карасартова бүгүн, 1-апрелде ведомство аралык эксперттик комиссиянын дагы бир мүчөсү УКМКга чакыртылганын жазган.

"Эксперттер өздөрүнүн чечимин мыйзам чегинде жазышат, бирок УКМК кылмыш ишин козгоого буюртма алат дагы комиссия мүчөлөрүн алар айткан чечимди жазууга мажбурлашат. УКМК тарабынан көрсөтүлгөн басымга ким моюн сунбаса, анда түрдүү ыкма менен кысым көрсөтө баштайт.

Комиссиянын тайманбас мүчөсү - "Клооп" басылмасынын журналисти Анна Капушенко азыр УКМКда. Ал паспортту даярдоодогу тендер боюнча өзүнүн чечимин жазган. Учурда УКМК ушул тендердин негизинде Мамлекеттик каттоонун айрым жетекчилерине кылмыш ишин козгоону каалап жатат. Ошондуктан аларга ведомство аралык көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүнүн бул тууралуу айтып бергендиги керек. Анна Капушенкону колдойлу, УКМКга биздин мамлекетти бүлүндү кылганга жол бербейбиз.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сизди УКМКнын компетенциясын карап чыгууга жана аны реформалоого дагы бир жолу чакырам. Жабык орган коррупция менен күрөшө албайт. Тергөө жүргүзүү - чалгындоо кызматынын функциясына кирбейт. Мындай уланууга болбойт, УКМКда реформа болушун талап кылабыз", - деп жазган ал өзүнүн билдирүүсүндө.

Ошондой эле Карасартова ведомство аралык эксперттик комиссия паспорт боюнча тендер мыйзам чегинде өткөндүгүн, анда ката болгон эмес деген тыянак чыгарышканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: