super.kg logo

Эки кабаттуу мектепте 100 окуучу, ээнсиреген үйлөр. Керемет жаратылышка курчалганына карабай суз айылга айланган Ак-Түз (фоторепортаж)

 

Чүй өрөөнүнө болгон кезектеги саякаттардын биринде мындай жерди көрөм деп күткөн эмесмин. Бул ирет Ата Мекендик согуштан бери коргошун кени чыгарылып, ошол мезгилде өнүккөн шаарча Кемин районундагы Ак-Түзгө барууну чечтим. Советтер Союзу тарагандан кийин аталган кенге болгон талап азайып, 1992-жылы завод жабылып калганы белгилүү. Интернеттен тоого жабышып курулган үйлөрдү көрүп, конок үйлөрү аябай кызыктуу экен деп суктангам. Көрсө мен көргөн "конок үйлөр" бир кезде кен иштетүүчү комбинат экен. Барганда баары мен ойлогондон башкача болду...

Бишкек шаарынан 145 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 2300 метр бийик жерде жайгашкан Ак-Түз айыл аймагы өзүнүн кооз жаратылышы жана козу карындары менен элди өзүнө тартып турат. 20 жыл мурун гүлдөгөн шаарча азыр кароосуз калган суз айылга айланган. Аталган айыл аймагы 1938-жылы негизделген. Кыштан салынган 12 батирлүү кабат үйлөрдүн көбү бош, эшиктери кулпуланган, терезелери сынык, темирлер менен тосулган. Айрым үйлөрдө жашап жаткан үй-бүлөлөрдү кезиктирүүгө болот. Бул жерде азыр пенсионерлер жана жашы жете элек балдар калганын байкоого болот. Жергиликтүү калк мал чарбачылыгы менен алектенишет.

- "Мектепте убагында 3 кезек менен 800дөй окуучу окуса, азыркы учурда 100 гана окуучу окуйт, жаштар жок. Учурда тарых сабагынан берген мугалим жок. Кезинде калктын саны 8 миңге жакын болсо, азыркы учурда 630. Бул жерде эң жашы биз", - деди 50 жаштагы жергиликтүү тургун.

Союз убагында фабрика иштеп, калкты жумуш менен камсыз кылып турган. Балдар бакчасы жана оорукана бар болчу. Азыр болсо фельдшердик-акушердик пункт эле бар. Мурун үйлөр борбордук жылуулукка туташкан болсо, азыр ар бир түтүн өзүнө суу жылыткычтарды орнотуп алышкан. Бирок муздак суу менен канализация иштейт.

Аймактын жогору жагында суунун боюнда жерден суу атып чыгып турат. Ал жерге эс алуучулар көп барат. Кыш мезгилинде муз тоңуп өзгөчө кооздук жаралат. Дагы бир жакшы жаңылык, 2009-жылы курула баштаган лыжа тебүү базасы быйыл ишке кирген.

Ии баса, бул аймактын тургундары орус тилдүү экенин байкадык, жолдон өтүп бара жатсаң мектептен чыгып жаткан окуучулар болобу, жолдон кезиктирген тургундарбы баары орус тилинде сылык саламдашып өтүп жатышты. Айылдын Ак-Тюз деп көпчүлүккө тараганы да ушундан болсо керек.

Айлана-тегереги өтө кооз, арчалар, атайын отургузулган ак кайыңдар курчаган бул аймакка бизге окшоп келген коноктордун, туристтердин саны абдан көп. Төрт мезгилдин ар биринде өзгөчө сулуулукка оролгон Ак-Түз айылына болгон сапар башкача сезимдерди калтырды.

Ак-Түз кайрадан гүлдөгөн аймакка айланат деп ишенели.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.04.2019. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туризм ди онуктуруш керек экенибул айылда
05.04.2019. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай жаман болдум. Канлай керемет жер эл жок суз болуп калган. Жаштардын баары шаарга качат азыр.
05.04.2019. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Бош турган үйлөргө Памирлик кыргыздарды көчүрүп келсе болбойбу ...
06.04.2019. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин Ата конушум
06.04.2019. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Союз тарабай эле койбоптур
07.04.2019. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунчо эле Техас экен! Соонун природа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: