super.kg logo

Баткенде чек арадагы чырдан улам сабакка барбай калган окуучулар дем алыш күндөрү окушат

 

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы мектеп окуучулары чек арадагы чырдан улам сабакка барбай калган күндөрү үчүн дем алыш күндөрү окушат. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге аталган айылдагы мектептин мугалими Айсалкын Абытова кабарлады. Анын айтымында, түшкө чейинки нөөмөттө окуган окуучулар 3 күн, түштөн кийинки нөөмөттө окугандар 4 күн сабакка барбай калышкан.

"Мектеп жабылып калган күндөр үчүн да мугалимдерге акча төлөнүп берилет. Бирок ал үчүн ишемби жана жекшемби күндөрү иштейбиз, окуучулар да окууга келет", - деди Абытова.

Окуянын чоо-жайы:

13-мартта Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 3 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.

18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшту. Протоколго ылайык, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш иштерин улантууга макулдашты. Андан кийин Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух жолу ачылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: