super.kg logo
  Саясат  

Ведомство аралык комиссиянын мүчөсү, "Клооп" басылмасынын журналисти УКМКга суракка чакырылып, 7 сааттан бери чыга элек

 

Бүгүн, 1-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Клооп" басылмасынын журналисти, ведомство аралык комиссиянын мүчөсү Анна Капушенконун батиринде тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу аталган басылма маалымат таратты. Маалыматка ылайык, анын үйүн эртең менен саат 8де тинтүүгө алышкан, тинтүүнүн көп бөлүгү жактоочусуз жүргүзүлгөн. Бул учурда Капушенко тергөөчүлөрдү юристтин келишин күткүлө деп өтүнгөн, бирок алар жактоочунун келишин күтпөй эле тергөө иштерин башташкан.

"Андан кийин чалгындоо кызматы Капушенкону суракка чакырган. Ал УКМКга жактоочу Бакыт Автандил уулу менен саат 9:30да барган. Ошондон бери, саат 17:00гө чейин сурак боюнча эч кандай маалыматтар жок.

Буга чейин айтылгандай, Анна Капушенко ведомство аралык комиссиянын мүчөсү. Ал болуп өткөн тендерлер боюнча жеңилген тараптардын арыздарын карап чыгат. Тинтүү учурунда андан уюлдук телефонун жана ноутбугун алып коюшкан. Атайын кызматты комиссия эмне үчүн кыргыз паспортторуна бланктарды сатып алуу боюнча, тендерде жеңилип калган германиялык компаниянын арызын четке каккандыгы кызыктырган. Алар тендердин жыйынтыгына бир ай мурун эле кызыга башташкан. Капушенко буга чейин да УКМКга 2 жолу сүйлөшүүгө барган, анда алар ага эч кандай айып коюшкан эмес, болгону комиссиянын ишине кызыгышкан. Тинтүү Анна Капушенконун батиринде гана эмес, комиссиянын башка мүчөлөрүнүн үйлөрүндө да жүргүзүлгөн", - деп жазылат басылманын маалыматында.

Ошондой эле басылма анын үйүндө тинтүү жүргүзүүгө эмне негиз болгону, кимдин демилгеси менен атайын кызмат текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканы түшүнүксүз экенин белгилеген. Мындан тышкары сотко чейинки өндүрүш кайсы берене менен жүргүзүлүп жатканы белгисиз экени айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: