super.kg logo

О! Мобилдик операторунун үй-бүлөлүк топтомунда толуктоо

 

Жакындарыңдын колдоосун ар дайым сезүү, жумуш күнү бою жакындарың менен телефон аркылуу баарлашуу, аларды соцтармактарда пикирлериң менен колдоо же кызыктуу сүрөт жөнөтүү абдан маанилүү. Ал эми кечинде баары чогулганда сүйүктүү фильмдерди көрүүнүн өзү керемет!

Жакындарынын баарынын байланышта болуусун каалагандар үчүн "Бирге арзан" тарифи идеалдуу чечим болмокчу. Бул тарифтин артыкчылыгы бир нече номерди жана үй интернетин дароо кошуп алса болот, ал эми төлөм айына бир жолу, бир гана номердин балансынан жүргүзүлөт.

Эки эсе үнөм жана ыңгайлуулук

Үй-бүлөлүк бюджеттин көз карашы менен алып караганда, бул пайдалуу чечим болуп саналат. Өзүңүздөр карап көрсөңүздөр, эгер 3 кишиден турган үй-бүлө байланышка айына орточо эсеп менен 400 сом коротсо, айына баарына биригип 1 миң 200 сом чыгат, ал эми үй интернетин кошсок, андан да көп, болжол менен 2 миң 200 сом чыгат. Ошол эле учурда 3 номер кошулган "Бирге арзан" тарифинин бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу + зымсыз үй интернети айына болгону 1 миң 190 сомду түзөт. Ошентип айына 1 миң 10 сом үнөмдөлөт, бул сумма жылына 12 миң 120 сом болот!

"Мобилдик интернетти бүт өлкө активдүү түрдө колдонуп жаткан учуру, ал эми аймактардагы көпчүлүк калктуу пункттар үчүн интернет глобалдык түйүнгө кирүүнүн бирден бир мүмкүнчүлүгү болуп саналат. О! Мобилдик операторунун кеңири тилкелүү 4G LTE технологиясы менен камтуу боюнча лидерлиги конкреттүү аймактын тигил же бул социалдык-экономикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен инновациялык жана сапаттуу сервистерди сунуштоого түрткү берет", - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Жаңы "Бирге арзан Регион" тарифи менен абоненттер ай сайын: Роутердеги зымсыз үй интернетине + акысыз чалуулар үчүн жана ар бирине 30 гигабайт мобилдик интернети берилген 3 SIM-картага ээ болушат! 30 күнгө абоненттик төлөм болгону 890 сомду түзөт жана бүт комплект үчүн бир гана башкы SIM-картанын балансынан гана алынат. Бул – түрдүү кызматтарды издөө жана түрдүү провайдерлер менен кошумча келишимдерди түзүү машакаты жоголот дегенди билдирет, анткени бардык опциялар бир топтомдо жайгашкан жана бир гана күндө кошулат.

Кошулуу үчүн табыштаманы 557 жана 0500 000 955 номерине чалуу аркылуу же аймактардагы О! сатуу жана тейлөө кеңселеринде же www.o.kg сайтында даректери берилген O!Store дүкөндөрүндө калтырса болот.

Бирге АРЗАН!

Жаңы "Бирге арзан Регион" тарифиндеги мобилдик интернеттин максималдуу ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аймактарында жеткиликтүү. Чүй облусу менен Бишкек шаарынын аймагында мобилдик интернеттин ылдамдыгы секундасына 128 Кбитке чейин төмөндөтүлөт, тарифтин башка параметрлери өзгөртүүсүз көрсөтүлөт. "Бирге арзан Регион" тарифи тууралуу толук маалыматты 557 жана 0500 000 955 телефону жана www.o.kg сайты аркылуу алса болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
01.04.2019. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошка неге связь иштебей атат
02.04.2019. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kurstan_CR7, саламатсызбы.

Сизден текшерүү үчүн түзүлүштөгү номерди жана так даректи answer@nurtelecom.kg почтасына билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
01.04.2019. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкектин ала тоо 3 конушунда ошканын интернети өтө начар 3 ж 4 ж тартпайт андан кору билаиндин интернети 3 ж 4 ж жакшы тартат жакшы иштейт
02.04.2019. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karashire, саламатсызбы. Сиз айтып кеткен райондо байланыштын сапатын жана интернеттин ылдамдыгын жогорлотуу учун, бир нече айдын ичинде кошумча базалык станцияны орноштуруу каралууда. Тилекке каршы, так убактысы белгисиз. Бирок сиздин каалоонузду сөзсүз түрдө эске алдык. Кайрылганызга ыраазычылык билдиребиз.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: