super.kg logo

Депутат Бакыт Төрөбаев ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованы ата-эне болушу менен куттуктады

 

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жакында ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү толукталып, кыздуу болушту. Буга байланыштуу эл өкүлү Бакыт Төрөбаев түгөйлөргө социалдык тармактагы баракчасы аркылуу куттуктоо жолдоду.

Депутат ырчыларды ата-эне болушу менен чын жүрөктөн куттуктай турганын, кызына узун өмүр, бекем ден соолук тилегенин жазды.

"Бала бул – жашоодогу ата-эненин таянычы жана келечекке болгон салымы болуп саналат. Балдардын төрөлүш көрсөткүчүнүн өсүшү өлкөдө демографиялык жагымдуу кырдаалдын жакшырышын жаратат.

Статистикалык маалыматка ылайык, ушул жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда 42 миңден ашуун ымыркай жарык дүйнөгө келген. Бир күндө орто эсеп менен 200дөй бала төрөлөт.

1990-жылдары орто эсеп менен аялдар 2 бала төрөсө, азыркы учурда бул 3 балага чейин көбөйдү. Албетте, бул көрсөткүч кубандырбай койбойт. Анткени, жаңы муун келечекке жаңыча көз карашта карап, өз салымын кошуп жатат.

Бирок инфраструктуралык объектилердин жетишсиздиги (бала бакчалар, мектептер, ооруканалар) саны өсүп жаткан элге, жаштар үчүн жаңы жумуш орундарынын жоктугу демографиялык өсүүгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Биз балдардын билимине абдан чоң маани беришибиз керек. Анткени, балдар - бул өлкөнүн келечеги. Биз канчалык балдарга көбүрөөк салым кылсак, алардан ошончолук кайтарым көп болот", - деп жазган Бакыт Төрөбаев өзүнүн билдирүүсүндө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: