super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мирлан Жээнчороев: “Чалгындоо органынан тергөө функциясын алып коюу туура эмес”

 

Бүгүн, 1-апрелде укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, УКМКны реформалоону өтүнүштү. Алар кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, тергөөнү УКМКга өткөрүп берүү системин сындашти. Мындан тышкары укук коргоочулар УКМК улуттук коопсуздук боюнча чалгындоо жүргүзүп, коопсуздукту камсыз кылып, коркунучтардын алдын алыш керектигин айтып, бул орган коррупция менен күрөшүү шылтоосунда тергөө жүргүзүшү туура эмес деп жатышат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Чалгындоо органына коррупция менен күрөшүү, тергөө функциясын берүү туура эмес кадам болгон" деген сындар көп айтылууда. УКМК реформаланышы керекпи? деген соболуна депутат Мирлан Жээнчороев жооп берди.

Анын айтымында УКМКны реформалоо маселеси сот-укуктук реформанын алкагында да каралган.

“УКМКны реформалоо маселеси учурда талкууда. Бул түзүм башында түзүлгөндө анын мазмуну, багыты башкача болчу. Жалпы мамлекеттин коопсуздугуна боло турган чалгындоо, каршы чалгындоо маселелери каралышы керек эле. Бирок ал эл аралык террордук уюмдар менен күрөшүү жана ошол жакка чакырыктар боюнча кызмат эле. Өткөн жылы сот реформасынын алкагында УКМКнын экономикалык кылмыштар менен алектенүү функциялары алынган. УКМК көзөмөлдөй турган маселелер - бул чалгындоо жана эл аралык террордук уюмдардан мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо. Кылмыштарды тергөө, ыкчам аракеттерин жүргүзүү функцияларын толугу менен алып коюу туура эмес. УКМКга ошол кылмыштар менен күрөшүү ишин жүргүзүүдө, ыкчам тергөө алып барганга ыйгарым укуктар керек”, - дейт Жээнчороев.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, УКМКнын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Максат Мамытканов, Ооган согушунун ардагерлеринин коомдук уюмунун төрагасы Абдыгул Чотбаев, эксперт Бурул Макенбаева жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: