Санкт-Петербургда дагы бир Кыргыз жараны жол кырсыгына кабылып каза болду
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында бир канча унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен Кыргыз жараны каза болду. Мындай маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, кырсык 30-март күнү эртең менен шаардагы Невский жана Литейный деген көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.
Сүзүшкөн унаалардын бири Фольксваген Поло унаасын 1978-жылы туулган Т.У. аттуу Кыргыз жараны айдап бара жаткан. Ал алган жаракатынан улам ошол жерден каза болсо, жанында бара жаткан 37 жаштагы бир тууган иниси Т.С. жаракат алган. Жаракат алгандар дароо ооруканага жиберилип, жол кырсыгы боюнча кылмыш иши ачылган.
Элчилик каза болгон жарандын сөөгүн өзү туулуп-өскөн Чоң-Алай районуна жиберүү үчүн Орусиядагы Кыргыз жарандары тарабынан керектүү акча чогултулганын, эртең учак аркылуу жиберилерин маалымдады.






1 |