super.kg logo

Кара-Сууда бир тууган агасын балта менен башка чаап өлтүрдү деген шек менен маркумдун 47 жаштагы иниси кармалды

 

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Маданият айылынын 47 жаштагы тургуну 48 жаштагы бир тууган агасын балта менен башка чаап өлтүрдү деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу 1-апрелге караган түнү таңкы саат 4:00 чамасында милицияга кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ башына миздүү буюм менен сокку жеп өлтүрүлгөн кишинин жансыз денесин табышкан. Шектүү катары маркумдун бир тууган иниси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал сурак учурунда агасын балта менен уруп өлтүрүп койгонун моюнуна алган. Алгачкы иликтөөдө шектүү жакында Орусиядан келгени белгилүү болду. Ал көп ичкендиктен байкеси арак ичпөөнү айтып, ортодо чыр чыккан. Шектүүнүн үй-бүлөсү жок.

Учурда шектүүгө кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(2)
02.04.2019. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бааржок ушул Арам арактан чыгат
02.04.2019. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жат эми, эмнени ичер экенсиң?! Кудайым озу кечирсин баарыбызды!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: