Курамында кыргызстандык футболчу Валерий Кичин бар "Химик" командасы кезектеги жеңишке жетти

28-июль күнү Орусиянын Улуттук футбол лигасынын 5-турдук оюндары болуп өттү. Бул турдун алкагында Кыргызстан курама командасынын коргоочусу Валерий Кичин ойногон "Химик" командасы "Ротор" командасы менен беттешти. Оюнга чейин "Ротор" 7 упай менен 4-орунда болсо, "Химик" 5 упай менен 9-орунда келген. Бул оюнда Валерий Кичин негизги курам менен алгачкы мүнөттөн баштап талаага чыгып, оюндун акырына чейин алмашылган жок. Оюн 1:0 эсебинде "Химиктин" пайдасына чечилип, жеңүүчү команда 5-турдан кийин 8 упай менен 5-орунга көтөрүлдү. Эске саслак, Кичин "Химиктин" курамына жакында эле кошулуп, 3 беттештен бери негизги курам менен оюн көрсөтүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.