super.kg logo

Жогорку Соттун төрайымы административдик материалдарды жок кылууга айыпталган судья тууралуу оюн айтты

 

Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева маалымат жыйында 2017-2018-жылдардагы административдик материалдарды жок кылууга айыпталган судья Эрнис Чоткараев тууралуу оюн айтты.

"Бул ишти текшерүүгө учурда Жогорку Соттун судьялары катышып жатат. Архивдер каралууда. Бул окуя күтүүсүз, кайгылуу болду десек да болот", - дейт Калиева.

Окуянын чоо-жайы:

Судья Эрнис Чоткараевдин үстүнөн 2018-жылдын октябрь айынын соңунда Жогорку Соттон Судьялар кеңешинин дисциплинардык кеңешине мыйзамсыз иштерге барганы боюнча арыз түшкөн. Эрнис Чоткараев үстүнөн түшкөн арыздардан улам Бишкектин Октябрь райондук сотунун төрагалыгынан бошотулган. Айрым маалыматтарга караганда, Чоткараев өлкөдөн чыгып кеткени айтылган. Чоткараев жана Октябрь райондук соттун башка кызматкерлери 4 миллион 711 миң сомду алдамчылык жолу менен өзүнө ыйгарып алууга да шектелишкен. Чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки тергөө үчүн УКМКга өткөрүп берилген.

11-мартта Эрнис Чоткараев 1300 документти жок кылган деген маалыматты SUPER.KG'ге жактоочу Майрамбек Жумабеков билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.04.2019. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сокенин анык жузу ачыла баштады.Атамбаев болбосо Соке эч ким эмес.Бабанов президент болгондо баары башкача болмок.
02.04.2019. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адам өзүнүн ишине болгон мамилесин өзгөртсө, ошондо көз карандысыз соттор болот. Бүгүнкү күндө сотко көз карандысыздык берилген. Алар өздөрү иштеши керек. Өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткаруусу зарыл. Азыркы президент соттордун ишине аралашпай, көз карандысыз чечимдер кабыл алынып жатат. Бирок соттор жогору жакты карап көнүп калган окшойт

02.04.2019. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттор Атамбаевдин чыныгы жүзүн ачууга болгон аракетин көрүп жатышат. Канчалаган аткаминерлер темир тор артында жатышат. Эгер азыр соттор аларга кылмыш ишин ачпаганда Атамбаевдин кадрлары суудан курук чыгшмак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: