super.kg logo

"Башыбыз аман калганына сүйүнүп жатабыз" дейт "Ош базары" аймагынан чыккан өрттөн жабыркаган тургун

 

Кечээ, 1-апрелде Бишкектин Б.Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан №57 А жана №57 Б турак үйлөрүнөн өрт чыгып, өрт саат 17:47де толугу менен өчүрүлгөн. Үйүнүн чатыры күйгөн Бүбүжан Момунова өрт газ баллондун жарылышынан чыккан дейт.

"Өрт саат 15:30 чамасында башталды. Кошунамдын газ баллону жарылып кетип, жалындап күйүп баштады. Биз өрт өчүрүү кызматын чакыртып ызы-чуу түшүп калдык. Кырсык болгондон бир саат мурун эч себепсиз башым ооруй баштаган. Эмнеге деп таң калып дары ичип койгом. Көрсө, кошунанын газ баллонунан газ чыгып жаткан экен да. Кошунам тамак-аш жасап сатат. Мындан бир күн мурун эле ага жолугуп, сен көп тамак жасайсың, абайла өрт чыкса баарыбызга зыян келет деп айткам.

Кырсыктан 3 үй-бүлөнүн үйү зыянга учурады. Эки үй-бүлөнүн үйү жараксыз болуп калды. Бир үй-бүлө мүчөлөрү кечээ айылына кетип үйүндө жок болушкан экен. Ал эми газы жарылгандар кайда болгонун билбейм.

Өрттөн үйүбүздүн чатыры толугу менен күйүп кетти. Жашаганга болбой калды, дагы жакшы башыбыз аман калды. Кошунабыз чыгымыңарды эсептеп чыккыла деп жатат. Азыр эми жаңы жыйнаштырып баштадык. Эч ким жабыркабаганына эле шүгүр келтирип отурабыз", - дейт Момунова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
02.04.2019. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ош базардын айланасы Бардак жер үйлөрдүн барын алып этаж үйлөрдү салыш керек ошо жерге кулиева көчөнү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: