super.kg logo
  Спорт  

Александр Крестинин: "Алтын-Асыр" клубунун АФК Кубогунун финалына чейин жетип баруусу кокустук эмес"

 

"Алтын-Асыр" клубунун АФК Кубогунун финалына чейин жетип баруусу кокустук эмес. Мындай пикирин "Дордой" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бүгүн, 2-апрелде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эртеңки беттешке команда толугу менен даяр.

"Биринчиден, баарыңыздарды футболдук сезондун ачылышы менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. Эртең бул сезондогу алгачкы оюн болот. Биз, баарыбыз футболду сагындык. Азия кубогунан кийин оюнчулар өз клубдарына тарап, клубдук сезонго карата даярдыктарын көрүштү. Биз дагы колдон келишинче даярдандык. Жакында эле окуу-машыгуу жыйындарыбызды Түркиядан жыйынтыктадык. Ал жактагы 4 беттештин үчөөсүндө жеңишке жетишсек, 1 беттеште жеңилүү ызасын тартып калдык.

Эртеңки атаандашты баарыбыз жакшы билебиз. Бирок биздин клуб да бул жылы көптөгөн өзгөрүүлөргө туш болду. "Дордойдун" катары бир топ мыкты оюнчулар менен толукталды. Буюрса, эртең жеңишке жетүү үчүн колдон келишинче аракет кылабыз. Алдын ала ким жеңерин айтуу кыйын, оюн баарын көрсөтөт. Беттешке эки команда тең бирдей деңгээлде даярданды, эки команданын тең физикалык-психологиялык абалы бирдей. Артыкчылык катары биздин өз талаабызда беттеш өткөрө тургандыгыбызды айта кетсек болот. Бирок "Алтын Асыр" клубу АФК кубогунун финалына чейин жетип барганын эстен чыгарбашыбыз керек. Алар кокусунан эл аралык мелдештин финалында оюн көрсөткөн жок", - деди Крестинин.

Эртең, 3-апрелде АФК кубогунун тайпалык баскычы старт алат. 1-турда Бишкектин "Дордой" футболдук клубу Түркмөнстандын чемпиону "Алтын Асыр" клубун кабыл алат. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алат. Башталышы 20:00.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.04.2019. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ктр спорт түз алып береби
02.04.2019. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик. Акшумкарларды Аллахым колдосун.
02.04.2019. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rysik79,Дордойду да ак шумкарлар деп коёсунарбы?
02.04.2019. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dembele84,Озу дагы тушунбой калды эмне деп жазганын))
03.04.2019. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Крестинин улуттук кураманы башкарчуу эмес беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: