Айбек Бакытбеков "Жаңы толкун" фестивалында Кыргызстанды “артта калган өлкө” дегени үчүн кечирим сурады

23-июлда Юрмаладагы “Жаңы толкун-2013” фестивалынын катышуучусу кыргызстандык Айбек Бакытбеков жергиликтүү телеберүүлөрдүн бирине интервью берип жатып, "Я Айбек, я из Кыргызстана. Кыргызстан это примитивная страна сама по себе" (Мен Айбек, мен Кыргызстандан келдим. Кыргызстан өзү менен өзү болгон, артта калган өлкө) деп айткан. Анын мындай интервьюсу, ММКлардан тарап, интернеттеги социалдык түйүндөрдө тынымсыз талкууну жаратты. Бири ырчыны күнөөлөсө, бири толкундоодо мындай сөздөр болорун айтып, Айбектин таламын талашкан, айрымдары эмне айтарын да билишкен жок. Кийинчерээк Айбек бул айткан сөздөрү толкундоолордон улам чыгып кеткенин айтып, ошол эле телеканал аркылуу эл алдында кечирим сурады. Анда ал “Урматтуу менин сүйүктүү мекендештерим! Мен чын жүрөгүмдөн "Кыргызстаным" деп жашайм! Сиздер көргөн видеодо мен сөзүмдү туура эмес айтып алып, тартуучу топтон “ушул жери кокустуктан туура эмес болуп калды, өчүрүп коюңуздарчы” деп сурангам. Бирок, тилекке каршы, бардыгынан интервью алып жүрүп унутуп калганбы же башка маселеденби, ал сураныч аткарылбаптыр. Мен эч убакта өз мекенимди алмаштырбайм жана сатпайм. Мен үчүн өз мекеним ыйык, мекенимди жамандагандан көрө өлгөнүм жакшы! Суранарым, мени туура түшүнүп, туура чечим кыларыңыздарга үмүттөнөм. Мен Кыргызстандын уулумун! Чоң рахмат! Сиздер мени түшүнөсүздөр деп ишенем!” деп айтты.
Айбек Бакытбеков кечирим сурады

эмне учун кечирим сурап жатат айтып койгучы жарылып кетелекте ичим бышып кетти
Ар бир колдонуучу эрежеге ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар! Эске алып койгула!
деп айтсын мейли бирок башка жерден башка элде ушинтип айткан болбойтко дейм же наркоти чегип алганбы ойтор билбейм эмне дешти бирок бул бала биздин олкобузду коргобой эле биздин олкону уяткылган учун баргангоо деп калдым !!!
деп айтсын мейли бирок башка жерден башка элде ушинтип айткан болбойтко дейм айтор билбейм эмне дешти бирок бул бала биздин олкобузду коргобой эле биздин олкону уяткылган учун баргангоо деп калдым !!!
Кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүү калтырууга тыюу салынат! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
Журокто емне болсо ооз ошону оттойт.