super.kg logo

Бишкекте Digital Fest – тематикалык жактан кеңири чөйрөнү камтыган иш-чара өтөт

 

DigitalFestтематикалык жактан кеңири чөйрөнү камтып, бир гана практикалык мүнөздү алып жүргөн жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара. Чакырылган спикерлердин өз тармагында кенен тажрыйбасы бар жана алар форумдун катышуучулары менен тынымсыз өнүгүп жаткан рынокто жеке брендди кантип жайылтуу керектиги тууралуу иш жүзүндөгү куралдар жана кейстер менен бөлүшөт.

Бул жылы Digital Fest`тин спикерлери катары Google, Яндекс, Mail.Ru Group, SemanticForce жана myTarget сыяктуу алдыңкы чет элдик компаниялардын эксперттери сөз сүйлөп, digital-маркетингдеги мыкты кейстер менен бөлүшөт.

Форум IDO MARKETING агенттиги жана DigitalAcademy окуу борбору тарабынан Beeline компаниясынын колдоосу менен уюштурулат.

Иш-чара биринчи кезекте бизнес ээлери жана жетекчилери үчүн арналган. Ошондой эле жарнама тармагынын профессионалдык катышуучулары: маркетолог, жарнамачы, дизайнер, журналист, PR-менежер, копирайтер, аналитик жана фрилансерлер үчүн ыңгайлашкан.

Форумда төмөндөгү абдан маанилүү болгон темалар көтөрүлөт:

  • Дүйнөлүк digital-тренддер интернет жарнамада;
  • Таргет жарнамасынын тренддери жана технологиялары;
  • Бизнести өнүктүрүү үчүн YouTube`дагы жарнаманын мүмкүнчүлүктөрү;
  • Санариптик медианын мониторинги жана аналитикасы;
  • Бизнести өнүктүрүүдөгү видеоформаттардын жана мобилдик жарнаманын мүмкүнчүлүктөрү;
  • Табигый жарнама жана анын артыкчылыктары;
  • Кыргыз өлкөсүндөгү электрондук коммерциянын көйгөйлөрү жана келечеги;
  • PR, журналистика жана блогинг;
  • Дизайн жана креатив.

Иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар тарабынан утуштар жана белектер ойнотулат.

Форум өтүүчү жер: Бишкек шаары, АУЦА, Аалы Токомбаев көчөсү 7/6.

Өтүү убактысы: 7-апрель, 2019-жыл.

Каттоо: https://ticket.kg/event/digital-fest-2019

Байланыш телефондору: +996 (312) 961 999, +996 (703) 70 72 70

Иш-чара тууралуу толук маалымат шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: