super.kg logo

Ичинде 20 килограмм желим таштандысы бар бооз киттин өлүгү табылды

 

Италиядагы Сардиния аралынын жээгинен бооз киттин өлүгү табылды. Анын ичинде 20 килограмм желим таштандысы болгон. Бул тууралуу CNN каналы кабарлады.

8 метрлик китти ветеринарлар сойгондон кийин, анын ичинде түйүлдүгү да өлүү болгонун билишкен. Мындан сырткары таштанды үчүн мүшөктөр, балык уулоочу тор, кир жуучу каражаттардын идиши жана башка таштандылар табылган. Киттин өлүмүнө эмне себеп болгону гистологиялык жана токсикологиялык изилдөөлөрдөн кийин белгилүү болгон. Ветеринарлар алдын ала жаныбардын ашказанына таштанды толуп калганынан улам өлгөнүн айтышууда.

Италиянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Серхио Коста Европарламент колдоого алган мыйзам долбоору жөнүндө айтып өткөн. Ага ылайык, 2021-жылга чейин кулак тазалоочу таякчалар, бир жолу колдонулуучу ашкана буюмдары сатыктан алынат. Министр Италия бир жолу колдонулуучу пластик буюмдарынан айлана-чөйрөнү коргогон алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп каларын белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.04.2019. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пахта таякчалары деген эмне?
03.04.2019. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aikaaaa,кулак тазалагыч (ухочистка)
03.04.2019. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aikaaaa, саламатсызбы! Ватные палочки
03.04.2019. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина Айдарбекова, рахмат, пахта деп өскөнүн элестетип алыпмын, а турмушта кебез, же вата деп колдонобуз, рахмат, дагы бир жолу!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: