Алмазбек Атамбаев Энергетика министрине кышында свет өчпөшү үчүн бардык аракеттерди жумшоо тапшырмасын берди

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовду кабыл алды. Жолугушууда министр мамлекет башчыга авариялык өчүрүүлөрдүн себебин айтып, учурда жарактан чыккан трансформаторлор алмаштырылып жатканын маалымдады. Ошондой эле ал өлкө башчыга трансформаторлорду орнотуу иштери жакынкы 10 күндө аяктаарын билдирди. Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев министрге кышында авариялык өчүрүүлөр болбош үчүн бардык аракеттерди жумшоо тапшырмасын берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
3

