Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен тамактанып жаткан видеосу тарады
Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен тамактанып жаткан видеосу тарады. Анда Курманбек Бакиевди, анын оң жагында отурган бир эркек киши, аял жана эки кызды, сол жагында үч кыз, өспүрүм баланы көрүүгө болот. Ал аял ырчы жана Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаева. Ошондой эле Орозгүл Токторбаеванын ары жагында отурган, кадрда чачы гана көрүнүп турган адам, анын күйөөсү Жаныш Бакиев деп болжолдоого болот.
Ашпозчу аларга козунун бышырылган этин кесип берип жатканы тартылган. Ашпозчунун кийиминде Беларустун желеги тигилгенин көрүүгө болот.
Курманбек Бакиев 2010-жылы аялы Назгүл Төлөмүшова жана бир кыз, бир уулу менен Кыргыз өлкөсүнөн чыгып Беларуска кетишкен. Саясий качкын катары аталган өлкөдөн башпаанек алып, алгач президенттик резиденцияда жашап жүрүшкөнү айтылган. Кийинчерээк башка үйгө көчүп барышканы маалым болгон.
2001-жылы туулган кызынын аты Лейла болсо, Данияр аттуу уулу 2004-жылы туулган. Болжол менен төмөнкү сүрөттөгү телефон кармап отурган бийкеч Курманбек Бакиевдин кызы.

Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаева кезинде "Достор" тобунда ырдачу.

-6

Супер-Инфо
super.kg видео

















бачы сураныч Аны баардык кыргыз Эли билет ХХХХХ
Оз элин тентитип, элдин бешене тер, коз жашынан куралган акчаларды уурдаган. Бакиев убагында тышкы карыз дээрлик 700 миллион долларга кобойгон.
Анан кайсы логикага таянып мактап жатасын, ошого жооп берчи?!! Элди талап тоногону учун жакшыбы?!!
эн Татуктуу Президент болуп иштеген кошналардын эч кимисине жагалданган эмес Президенттин денгеелинде суйлошуп жургон
Каркыраны тен ата суйлошо алганы учун казактарга кармата бердиби ошондо?!!
Бакиев бийликке келгенде тышкы карыз 1,93 млрд болчу, олкодон качканда 2,62 млрд долларга осуп жеткен. Ага Россия берген 300 млн доллар грантты кошпогондо...
Кана ошондо тышкы карыз азайганы, ЖОМОКЧУ!!!