super.kg logo

Жер жүзүндө калктын саны 7 миллиард 700 миллионго жетти

 

Жер жүзүндө адамдардын саны 7 миллиард 700 миллионго жетти. Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча калктын саны 2050-жылы 9 миллиард 700 миллионго жетет. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин Калк жана өнүгүү боюнча комиссиянын жыйынында көрсөткөн отчётунда айтылат. Маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Калктын саны 2019-жылы 7,7 миллиардга жетти. Адамдардын саны өсүп жатканы менен өсүү темпи төмөндөгөн. XXI кылымдын соңунда жашоочулардын саны 11 миллиардга жетиши мүмкүн", - деп айтылат БУУнун отчётунда.

Мындан тышкары калктын санынын өсүшү жаратылыш ресурстарынын азайышына жана планетанын экосистемине күч келтириши мүмкүн экени белгиленген.

Бүгүнкү күндө шаарда жашагандар 56 пайызды түзсө, 2050-жылы калктын 68 пайызы шаарларда жашап калышы ыктымал. Адамдын орто жаш курагы 2019-жылы 72 жаш 3 ай болсо, 2030-жылы көрсөткүч 74 жаш 3 ай болушу мүмкүн.

Жердеги жашоочулардын саны 2011-жылы 7 миллиардга жеткени айтылган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.04.2019. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтаберет эч нерсеге күч келбейт көбөйө бергиле
03.04.2019. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагыле кытайлар көбөйүп атат болуш керек, экиден балага уруксаат берилди эле
03.04.2019. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Чындыгында осуу темпи томон экен статистка боюнча 8 жылда 7 млрддан 700 млн эле кобойсо ото аз бул деген
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: