super.kg logo

Путинге каршы пикетке чыккан жубайлар алардын туугандарына чейин милиция тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын айтышууда

 

Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдына пикетке чыккан активист Нурлан Карымшаков милиция тарабынан үй-бүлөсүнө карата кысым көрсөтүү улантылып жатканын айтып чыкты.

Карымшаков мындай маалыматты SUPER.KG'ге тастыктап, басым өз үй-бүлөсүнө гана эмес, жубайы экөөнүн жакындарына чейин болуп жатканын билдирди.

Ошондой эле 28-29-март күндөрү Бишкектеги Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери алардын тааныштарына барып, үй-бүлөнү каралоо максатында "алар АКШнын чалгынчылары", "Сирия менен байланышы бар" деген маалыматтарды беришкенин белгиледи.

Карымшаков жубайы Гүлназ Имаева экөө 27-март күнү колдорунда "Путин - оккупант, агрессор", "Ысык-Көлдө Путиндин торпедаларына жол жок" деген жазуусу бар плакаттарды кармап пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап кетип, Жаза кодексинин 98-беренеси боюнча убактылуу камоочу жайга камакка алышкан. Бир күндөн кийин соттун чечими менен үй камагына чыгышкан.

Ал эми ошол учурда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жубайлардын үйү тинтүүгө алынып, андан 16-калибриндеги мылтык, 1 банка ок-дары, 10 ок жана 17 миң 600 доллар табылганын кабарлаган. Табылган буюмдарды кармоого уруксат берген документтери болгон эмес. Андан сырткары жубайлар 2019-жылдын 30-июлуна чейин ачылган визанын негизинде 21-25-март күндөрү Мексикага барып келишкени аныкталган.

Укук коргоочу Рита Карасартова Карымшаковдун үйүнөн табылган акча жана курал-жарактар боюнча ошол учурда SUPER.KG'ге түшүндүрмө берген. Анын айтымында, акча жубайлардын эски үйүн сатуудан түшкөн каражаты болсо, мылтык жана ок-дарылар Карымшаковдун атасыныкы болгон.

"Карымшаковдун атасы айлана-чөйрөнү коргоо тармагында иштегендиктен, мылтык ошол кишиники болгон экен. Атасынын каза болгонуна 18 жыл болсо, ошол учурдан бери пайдаланылбай эле турган. Тийиштүү документтери бар", - деген Карасартова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
02.04.2019. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Путинге эмне мынча подхалимчилик кылышат биздин жепжутар саткындар. Ар келгенделе Ат дарит этишет, башка өлкөлөргө окшоп эле как обычно тосуп алып узата берсе болбойбу?!!!
03.04.2019. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Nurbelek.,подхалимчилик эмес да чын чынына келгенде подхалимчилик кылса деле жарашат путинден жамандык кордукпу 1 млнго жакын биздин мекендештерди ошол оруссия иш менен камсыз кылып атат ал эле эмес бутундой кыргыз мамлекетине опол тоодой жардамы тийип атат орусияда карасанар башка улуттарга салыштырмалуу кыргыз элин документ жагынан кооп женилдетти кайсы эл кайсы мамлекет ушинтип млнго жакын элибизди батырат аны мойнубузга алышыбыз керек
03.04.2019. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Krai,Россиядабыз 15 жылдан бери,эч бир орустан кагуу жебедик.Как дома..
03.04.2019. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Nurbelek.,балеесиге чыгабы
03.04.2019. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
А эмнеге Пикетке чыгат???Американцы обеспечили наверно...
03.04.2019. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ото кулкулуу. Булар менимче Америкага через Мексика аркылуу ото алышпай , кайра келип ВВП ны жамандап саясый куугунтук алып Америкага кетебиз дегенго.
03.04.2019. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
abusait,тура айтасын план а план б бар окшойт
03.04.2019. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
abusait, Мексикада балээ барбы? Ошол саясий башпаанек алуу үчүн гана жасалган иш. Чынында Путинге булардын деле капачылык жок. Болгону "для дело" керек болот. Эми нак башпаанек алат
03.04.2019. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
abusait,,8 мартта нормальный адамдарда жургон парадта.Гей парадка чыктык кугунтук болтат деп Америкага жоношот
03.04.2019. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жон эле журбоптур да.
03.04.2019. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кандай максат менен чыгышты пикетке,ошол боюнча да сурап маалымат берсе
03.04.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Акмактар да. Орустар туура айтат. Семья без уродов не бывает деп. Бизде да ушундай ХХХХ бар.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-03 11:06:40
03.04.2019. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Путин булардын ашын тартып алды бекен э? Орто жолдо байкуш мигранттарыбызга эле кыйынчылык жаратышат булар. Якутияда эмне болду бир зоокурду деп канчалаган кыргыздар жапа чегип атат. Эми булар жон эле турбайбы.
03.04.2019. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шамал болсо эле митинг,пикетке чыкмай адаты бар ушул кыргыздардардын тообо,хотя эмнеге? кимге каршы чыгып жаткандарын өздөрү түшүнүшпөйт тообо кылдым.Бир туруп Кытайга каршы чыгат,анан эле Тажиктерге чыгып калат.Эми Путин эле калды эле пикетке чыкпаган..
Путин акылдуу жана сабырдуу экен дагы да.Башка болгондо Кудай сактасын мигранттарды айдап,карызды төлө дейт беле,ким билет?!
03.04.2019. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
AykaMer,Путинге бул Эко прикол коргондой эле коруп койсо керек
03.04.2019. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Звезда бололуу дегенго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: