Санкт-Петербургда аскердик академияда жарылуу болду
Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы А.Ф.Можайский атындагы аскердик-космостук академияда жарылуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 2-апрелде саат 13:30 чамасында болгон. Андан 3 адам жабыркады. Айрым маалымат булактар жарылуу академиянын 2-кабатындагы кабинеттердин биринде болгонун жазат. Мындан улам академиянын тепкичи жабыркап, 20га жакын адам эч жакка чыга албай калып калган.
Учурда жеринде атайын кызматкерлер иштеп, жарылуунун себебин такташууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.