super.kg logo

Астротөлгө: 3-апрель күнү төрөлгөн адамдар өзүнө тартып туруучу касиетке ээ

 

3-апрель күнү төрөлгөн адамдар харизмасы күчтүү болгондуктан айланасындагы адамдарды өзүнө тартып турат. Алар ишкер, активдүү, оптимист болушат. Ошондой эле абдан көп китеп окугандыктан сөздүн гүлүн терип сүйлөп, ораторлук касиетке ээ. Алар эч убакта бош отурушпайт, эркин жүргөндүктөн ар бир күнүн кызыктуу жолугушуу, эсте каларлык көз ирмемдер менен өткөрүүнү жактырышат.

Ушул күнү жарыкка келген адамдар жеке мамиледе өнөктөшүн берилип кетпей акырындык менен жактырат. Эгер жакпай калса көңүлүн оорутпастан мамилесин акырындык менен үзөт. Бирок өзүнө ылайыктуу өнөктөш тапса, жакшы үй-бүлөлүк союз түзүүгө ашыгат.

Ал эми жумушка да, үй-бүлөгө да бирдей мамиле кылып, экөөнү тең бир калыпта алып кете алышат. Кандай иш болбосун бирөөгө көз каранды болбой өз алдынча иштөөнү жактырышат. Бирок ошол эле учурда бирөөнүн да кеп-кеңешин көз жаздымда калтырбай, керектүү учурда колдоно билишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: