super.kg logo

Камакта отурган экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев: "Жогорку Кеңеште ЖЭБ боюнча жыйындарда биз жөнүндө эмне деп гана айтышкан жок. Биздин тарапташтар сотко катышышы керек"

 

Бүгүн, 3-апрелде Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу "коррупция" менен айыпталган мурдагы 8 чиновниктин иши боюнча соттук отурум өттү.

Жарым сааттык кечигүү менен башталган сот отуруму 2 жактоочу келбегенине байланыштуу сот кийинки аптага жылдырылды.

Айыпталуучулардын бири мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ишти карап жаткан судьяга кайрылып, соттук отурум чоң залда өтүшүнө шарт түзүп берүүнү өтүндү.

"Бир жылдан бери ЖЭБге байланыштуу маселелерди тоодогу чабандар да угуп келет. Сот отурумун өткөрүү үчүн чоң зал менен камсыздап бергиле, керек болсо чоң спорт зал бергиле. Айыпталдык, жазаландык, бирок бизге сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербей жатасыңар.

"Бизде болгону ушул зал" деп шылтоо айткан болбойт. Жогорку Кеңеш ЖЭБ боюнча 4-5 жыйын өткөрүп, биз жөнүндө эмне деп гана айтышкан жок. Сотко өзүбүздүн тарапташтарыбыз да катышып, баарын угушсун", - деди Сатыбалдиев.

Буга судья: "Сиздин пикириңиз түшүнүктүү, бул тууралуу буга чейин да айткансыз", - деп айтты.

"Мен бул тууралуу дагы айтам, чындык биз тарапта!" - деп кошумчалады Жантөрө Сатыбалдиев.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.






Жантөрө Сатыбалдиев судьяга кайрылды. "Бизди жазаладыңар, бир жылдан бери бизге эмне деген сөздөр да айтылган жок. Сот чоң залда өтсүн!"

Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум өттү

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
Медиа-портал
03.04.2019. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ыйлаба,жеп атканда ойлонуш керек эле,тынч отур эми кысып
03.04.2019. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч кимге жамандык башына түшпөсүн,бирок Жантөрө Сатыбалдиев сен түрмөдө чирисен да ыраазымын.ош Жалалабат бөлүнгөн 7 млрд сомду жеп кеттиң,сен Ошто мэр болуп турганында Ош шаары сойкукана болуп кеткен эле
04.04.2019. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ЖЭБди кандай жесенер ошондой кусуп, элден кечирим сурагыла. Силерди эл кечирбейт.
04.04.2019. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына ушул Жантөрө Сатыбалдиевди камаса болот бир эле Оштогу салган жараксыз үйлөрү жана андан жеген миллиондогон акчалары үчүн ((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: